Студенттердин кышкы эс алуудан келишине жагымдуу жаңылык
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун студенттик жатаканасына жаңыдан жылуулук берүү системасы тартылып, ишке кирүү алдында турат. Учурда эки имараттан турган жатаканага бардык тиешелүү жылуулук берүүчү каражаттар, заманбап печкалар орнотулуп, соңки иш аракеттер жүрүүдө. Белгилей кетсек 2019-жылдын ноябрь айында окуу жайдын өздүк жылуулук берүү борбору жаңыдан ишке кирип, окуу имараттарын толук жылуулук менен камсыздаган. Эми пландын негизинде студенттик жатаканага да түтүкчөлөр тартылып, жашоочулардын ыңгайлуу жашоосуна шарттар жаралды. Жатакана буга чейин электр энергиясынын жардамында жылуулук менен камсыздалып келген.
24.01.2020 478 Кесиптик бирлик региондордо70-летний юбилей в СОШ №1 имени Ч.Айтматова
20 января 2020 года в средней общеобразовательной школе №1 имени Ч.Айтматова исполнилось 70-лет библиотекарю Кулигиной Софье Трофимовне, которая всю свою сознательную жизнь посвятила школе. С 5 октября 1971 года после окончания Московского государственного института культуры, библиотечного факультета по специальности «Библиотекарь-библиограф», будучи юной девушкой пришла в эту школу. На протяжении 49 лет Софья Трофимовна никуда не уходила из своей родной школы, только в декрет по уходу за своими детьми, это было только дважды. Софья Трофимовна очень трудолюбивый человек, она никогда не устает работать с детьми, ежегодно проводит мероприятия посвященные великим датам, будучи руководителем секции библиотекарей в городе, организовывает и проводит обучающие семинары, выставки и открытые занятия с детьми, где мы можем увидеть самые современные занятия посвященные праздникам. Она шагает в ногу со временем, преодолевая все трудности, благодаря своей усидчивости и целеустремленности владеет компьютерной техникой.
22.01.2020 492 Кесиптик бирлик региондордоНоокен райкомунун алдындагы жаштар кеңешинин ийгили
2020-жылдын 17-январь күнү Жогорку Кеңештин имаратында Жарандык Идеалар Фонду тарабынан Жогорку Кеңештин алдында уюштурулган “Жаштар парламенти-2020” депутаттарынын мандатын тапшыруу жана төш белгилери менен сыйлоо иш чарасы өткөрүлдү. Бул иш-чарага Ноокен районундагы №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинин директору, Ноокен райкомунун алдындагы жаштар кеңешинин төрагасынын орун басары Уметов Уланбек катышып келди. Ал 2020-жылдын “Жаштар парламентине” депутат болуп шайланган.
22.01.2020 523 Кесиптик бирлик региондордоОГПИ – сапаттуу билим берүүгө карай...
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун 18 окутуучусунан турган профессордук курам Россия жергесиндеги эл аралык университеттерде өз билимдерин жогорулатышууда. Бул тууралуу ОГПИнин сырткы байланыштар жана инвестиция тартуу департаменти маалымдайт. Маалыматка ылайык аталган иш сапарга ОГПИнин эл аралык байланыштар боюнча тиешелүү келишимдеринин негизинде окуу жайдын Информатика жана жаны маалыматтар технологиясы, Орус тилим жана адабияты, Англис тили жана аны окутуунун усулу кафедраларынын окутуучулары жана ОГПИнин окуу бөлүмүнүн адистери жөнөтүлгөн.
22.01.2020 691 Кесиптик бирлик региондордоЖаңы баштапкы кесиптик уюмдар райондук комитеттин курамына кабыл алынды
2020-жылдын 20-январь күнү Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К. Нышанов, укук жана эмгекти коргоо боюнча инспектору Т.Бакиров № 45 “Наристем” жана № 46 “Гулзар” балдар бакчаларында болушту. Анда жогоруда аталган бакчалардан келип түшкөн кайрылуулардын негизинде райондук комитеттин курамына кабыл алуу жана баштапкы кесиптик уюмунун жетекчисин шайлоо жөнүндө маселелер каралды. № 45 “Наристем” балдар бакчасына Абдыгулова Тазагүл, №46 “Гүлзар” балдар бакчасына Абакулова Гулмира жамааттардан сунушталып, бир добуштан шайланышты.
22.01.2020 443 Кесиптик бирлик региондордо«Кыргыз Республикасынын эмгек синирген мугалими» наамы ыйгарылды
Жалал- Абад областына караштуу Сузак районундагы Т.Темирбаев атындагы гимназия орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Авазов Абдыманап Коноковичке Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков тарабынан «Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими» наамы ыйгарылды . Ал бул наамга билим берүү тармагына сиӊирген көп жылдык эмгеги , новатордук чыгармачылык ишмердүүлүгү жана окуучулардын билим сапатын жогорулатуудагы жетишкендиктери үчүн жетишти. Агайдын жогорудагы наамы менен районубуздун мугалимдери чын жүрөктөн куттукташат , мындан ары да агайдын насаатчылык иштерине ийгилик ,чын ден соолук жана узун өмүр каалашат.
21.01.2020 752 Кесиптик бирлик региондордоСеминар по делопроизводству и электронному документообороту
Московский районный комитет 17 января провел семинар по профсоюзному делопроизводству для председателей профкомов в актовом зале ЦДТ «Тан-Нуру». Рассмотрены вопросы планирования первичной профсоюзной организации, работы общественных комиссий, правильность оформления протоколов, решений профсоюзных собраний и заседаний профсоюзного комитета. Особенный интерес к данным вопросам был у вновь избранных председателей. Для успешной работы молодых председателей разработан и роздан на семинаре методический материал.
20.01.2020 488 Маалыматтык бюллетеньСоциалдык өнөктөштөр 2020-жылдын пландарын талкуулашты
2019-жылдын жыйынтыгы менен Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Ноокен райондук комитети областта, республикада эң мыкты аталды. Бул ийгиликтердин негизги себептеринин бири социалдык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтык деп айтсак жаңылышпайбыз. 2020-жылдын 15-январь күнү Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов, обкомдун инспектору А.Айдаров, финансы бөлүмүнүн башчысы З.Сулаймановдор Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райкомунда болушту. Андан соң Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн жаңы дайындалган башчысы Н.Олжобаев менен жолугушуп, жаңы кызматка киришүүсү менен куттукташты. Анда 2020-жылга карата социалдык өнөктөштүк багытында бир катар маселелер талкууланып, ой-пикирлер менен алмашышты.
20.01.2020 508 Кесиптик бирлик региондордоЖаңы жыл иш-чарасы өткөрүлдү
Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылындагы оюн-зоок өткөрүүчү аянтчада райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу менен 13-январь Эски жаңы жыл майрамына карата кышкы спорттук оюндары өттү. Мелдеште эркектер жана аялдар арасында лыжа менен 500-1000 метр аралыкка жарышуу, эстафеталык жарышуу, чана менен жарышуу, аркан тартыш, кап менен урушмай, челек чапмай сыяктуу кызыктуу оюндар өткөрүлдү. Оюндарга 20дан ашуун мекемелердин эмгек жааматтары катышып, өздөрүнүн шамдагайлыктарын жана спорттук деңгээлин көрсөтүштү. Мында, мелдештин бардык түрлөрү боюнча мугалимдер жана балдар бакчаларынын тарбичылары шамдагайлуулукту көрсөтүшүп, өзгөчөлөнө алышты.
20.01.2020 591 Кесиптик бирлик региондордоНовогоднее послание от ETUCE
Мы вступаем в новое десятилетие, и 2020 уже обещает быть интересным и трудным. В год, который может стать поворотным для климатической ситуации, вопросы устойчивости развития и защиты окружающей среды стоят в первых строках повестки дня во всем мире. Работники образования и их профсоюзы также призваны сыграть здесь свою роль. Мы будем работать вместе с другими социальными партнерами, правительствами, политическими лидерами и гражданским обществом в целом над реализацией действий, которые способствуют достижению Целей ООН в области устойчивого развития к 2030 году.
20.01.2020 481 Кесиптик бирлик региондордоКайра ишеним көрсөтүлдү
Жыл жаңырып, Баткен шаарында жакшы саамалыктар болду. Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы 2020-жылдын 9-январында өткөрүлдү. Конференцияга Били,илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен облустук комитетинин төрагасы З.Н.Бөтөков, Баткен шаардык кенешинин төрагасы А.А.Ташбеков, шаардын вице мэри И.Т.Рыскулова, Областтык профсоюз комитетинин тех.инспектору К.Акимов жана башкалар катышты.
16.01.2020 470 Кесиптик бирлик региондордо