Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы баштапкы кесиптик уюмдар райондук комитеттин курамына кабыл алынды

2020-жылдын 20-январь күнү Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К. Нышанов, укук жана эмгекти коргоо боюнча инспектору Т.Бакиров № 45 “Наристем” жана № 46 “Гулзар” балдар бакчаларында болушту.

Анда жогоруда аталган бакчалардан келип түшкөн кайрылуулардын негизинде райондук комитеттин курамына кабыл алуу жана баштапкы кесиптик уюмунун жетекчисин шайлоо жөнүндө маселелер каралды.

№ 45 “Наристем” балдар бакчасына  Абдыгулова Тазагүл, №46 “Гүлзар” балдар бакчасына Абакулова Гулмира жамааттардан сунушталып, бир добуштан шайланышты.

Ноокен райкомунун  төрагасы К.Нышанов жаңы шайланган баштапкы кесиптик уюмдарынын жетекчилерин куттуктап, аларга бекем ден-соолук, иштеринде ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле бакча кызматкерлеринин  суроолоруна жооп берди.

 

Ноокен райКБКнын инспектору

Т.Бакиров