Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

Жаш адистер КРнын эмгек сиӊирген мугалими менен жолугушту

Жаш адистер КРнын эмгек сиӊирген мугалими менен жолугушту

Жалал-Абад областына караштуу Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райондук комитетинин алдындагы Жаштар кеңешинин демилгеси боюнча райондун 13 айыл өкмөтүнөн келген жаш адис мугалимдер жакында “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” наамы ыйгарылган Авазов Абдиманап Конокович менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу мезгилинде жаш адистер А.Авазовдун эмгек жолу жана жетишкен ийгиликтери жөнүндө кабардар болушту жана бул жогорку наамы менен куттукташып, каалоо тилектерин билдиришти.

 07.02.2020      436       Кесиптик бирлик региондордо

“МЫКТЫ БАЛДАР БАКЧАСЫ-2019” КАРОО-СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

“МЫКТЫ  БАЛДАР  БАКЧАСЫ-2019”  КАРОО-СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Райондун аймагындагы балдар бакчаларынын материалдык техникалык базасын чыңдоо, педагогикалык кадрлар менен камсыз кылуу жана алардын алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу максатында уюштурулган «2019-жылдын мыкты балдар бакчасы» кароо-сынагыны жыйынтыгын комиссия карап чыгып райондук комиссиянын сунушун карап чыгып жана талкуулап, райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясы жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин Президиуму биргелешкен чечим кабыл алды. Раймамадминистрациянын токтому менен «2019-жылдын мыкты балдар бакчасы» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү да аныкталды.

 07.02.2020      463       Кесиптик бирлик региондордо

Сыйлыктар - мыкты социалдык өнөктөштөргө

Сыйлыктар - мыкты социалдык өнөктөштөргө

Баткен районунда райондук мамлекеттик администрациянын 2018-жылдагы токтому менен жарыяланган мыкты социалдык өнөктөштөрдүн кароо-сынагы жыл сайын өткөрүлүп келет. Райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук кесиптик бирлик комитетинин биргелешкен токтому менен жайылтылган «2019-жылдын мыкты социалдык өнөктөшү-мектеп жетекчилиги» жана «2019-жылдын мыкты социалдык өнөктөшү-баштапкы кесиптик бирлик уюму» кароо-сынактарын жыйынтыктаган райондук комиссиянын сунушун карап чыгып жана талкуулап, райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясы жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин Президиуму биргелешкен чечим кабыл алды. Раймамадминистрациянын токтому менен «2019-жылдын мыкты социалдык өнөктөшү – айыл өкмөтү» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү да аныкталды. Социалдык өнөктөштөрдүн 2018-2019-жылдардагы райондук кароо-сынагынын 2019-жылдагы жыйынтыгына ылайык төмөнкү айыл өкмөттөрү, мектептердин жетекчиликтери жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдары жеңүүчү деп табылды.

 07.02.2020      456       Кесиптик бирлик региондордо

БАТКЕНДЕ ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН ЖЫЙЫНТЫКТАГАН ПРЕЗИДИУМ БОЛУП ӨТТҮ

БАТКЕНДЕ ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН ЖЫЙЫНТЫКТАГАН  ПРЕЗИДИУМ БОЛУП ӨТТҮ

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин президиуму Балдар чыгармачылык үйүнүн жыйындар залында 2020-жылдын 29-январында болуп өттү. Президиумга райондук комитеттин мүчөлөрү, кесиптик бирликтин облустук комитеттин төрагасы, раймамадминистрациянын аппарат жетекчиси, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, мектептердин жана балдар бакчаларынын директорлору, билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары катышышты.

 07.02.2020      424       Кесиптик бирлик региондордо

БАТКЕНДИН МУГАЛИМДЕРИ ӨЛКӨ БАШЧЫСЫНАН СЫЙЛЫК АЛДЫ

БАТКЕНДИН МУГАЛИМДЕРИ ӨЛКӨ БАШЧЫСЫНАН СЫЙЛЫК АЛДЫ

Баткен областынын Баткен районунун Чоң-Кара айылындагы Токтогул атындагы орто мектебинин мугалими, профсоюз активисти Абдырахманов Кутбай Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков тарабынан       Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен,  Кара-Токой гимназия мектебинин мугалими Алибаев Абдумиталип «Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими» төш белгиси менен сыйланды.  

 07.02.2020      457       Кесиптик бирлик региондордо

"Энелер мектеби" семинар-сабагында “Келгиле окуйбуз” долбоорунун жардамы

2020-жылдын 31-январь күнү Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Ш.Ташпотолов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалимдери тарабынан уюштурулган кезектеги "Энелер мектеби" семинар-сабагы болуп өттү. Темасы: "Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо". Максаты: 1.Балдардын билим алууга болгон кызыгуусун арттыруу 2.Мектеп менен энелердин байланышын жолго коюу 3.Коомчулукту жаны технологияларды колдонуп, аймактарды өнүктүрүүгө өз салымдарын кошууга үндөө.

 05.02.2020      745       Кесиптик бирлик региондордо

«Баштапкы профсоюз уюмунун иш кагаздарынын жүргүзүлүшү» -деген темада окуу семинар болуп өттү

«Баштапкы    профсоюз   уюмунун   иш  кагаздарынын   жүргүзүлүшү» -деген   темада  окуу  семинар  болуп  өттү

2020-жылдын 4-февраль күнү Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитети тарабынан Марказ, Майдан, Масалиев жана Уч-Коргон зоонасындагы мектептердин профкомдоруна «Баштапкы профсоюз уюмунун иш кагаздарынын жүргүзүлүшү» - деген темада окуу семинарын өткөрүлдү. Семинарга 25 профком келип катышты. Окуу семинарынын максаты жаны профкомдорго усулдук жардам көрсөтүү жана профдун иши менен кенири тааныштыруу. Келген профкомдор көптөгөн маалыматтарга ээ болушуп, семинардын жыйынтыгы менен жаны күч дем менен ыраазы болуп кайтышты.

 05.02.2020      516       Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун билим берүү мекемелери ата-энелер менен биргеликте иш алып барууну чыңдоодо

Лейлек районунун билим берүү мекемелери ата-энелер менен биргеликте иш алып барууну чыңдоодо

Лейлек районунун билим берүү мекемелери ата-энелер менен биргеликте иш алып барууну чыңдоо максатында жана ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык 2020-жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына карата, жыл башынан тартып мектептерде жалпы ата-энелер чогулуштары, “Энелер мектеби” боюнча семинарлар жана башка иш чаралар өткөрүлүп келүүдө. Мисалы, А.Навои атындагы орто мектебинде 2020-жылдын 31-январында жалпы ата-энелер чогулушу болуп өттү. Чогулушка ЖКК кызматкерлери, жашы жете элек өспүрүм балдар менен иштеген милиция кызматкери, врач-эпидемиолог жана мектеп дарыгери катышты. Чогулушту баштоо алдында быйылкы 2020-жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында коомдук ишмер И.Раззаковдун 110жылдыгы, Советтер Союзунун Баатыры С.Садыковдун 100 жылдыгы белгиленип жаткандыгын, мына ошол маарекеге арналган даярдыктар мектепте да жүрүп жаткандыгы айтылды. Андан соң, ата-энелер үчүн жагымдуу маанай тартулоо катарында башталгыч класстар тарабынан даярдалган бий, 8-класстардын аткаруусунда С.Садыковдун эрдигинен кыскача көрүнүш көрсөтүлүп, обондуу ырлар аткарылды. Чогулушта негизинен окуу, тарбия иштериндеги жарым жылдыктын жыйынтыгы, чогулушка катышкан тиешелүү кызматкерлер тарабынан кылмыштуулукту алдын алуу, жашы жете элек өспүрүм балдар менен иш алып баруу, жугуштуу оорулар жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, күн тартибиндеги маселелер каралды. Ал эми, “Тогуз -Булак” орто мектебинин ата-энелер чогулушунун башкалардан өзгөчөлүгү чогулуш жыйынтыкталгандан соң энелерден түзүлгөн командалар арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү. Д.Жороев атындагы орто мектебинде болсо, “Баланы коргоо жана колдоо” темасында докладдар окулуп, слайддар көрсөтүлдү. “Ак-Суу” жалпы билим берүү мекемесинде жалпы ата-энелердин, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн, соц. адистин, аялдар кеңешинин төрайымынын катышуусунда өткөрүлгөн чогулушта мектеп окуучуларынын автоунаа айдоосуна тыюу салуу жана мектепте акылдуу мектеп долбоорун ишке ашыруу маселелери каралды. Мындай ата-энелер чогулуштары, деги эле ушул сыяктуу иш чаралардын өткөрүлүшү терс көрүнүштөрдү алдын алууга, балдарды колдоого чоң өбөлгө болуп, региондорду өнүктүрүүгө жана санариптештирүүгө салымын кошуп, ата-энелердин мектеп менен болгон байланышын арттырат.

 05.02.2020      649       Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИнин студенттери АМЕРИКАДАН КЕЛГЕН ЫКТЫЯРЧЫЛАРДАН ТААСИРДҮҮ САБАКТАРды алышууда

ОГПИнин студенттери  АМЕРИКАДАН КЕЛГЕН ЫКТЫЯРЧЫЛАРДАН ТААСИРДҮҮ САБАКТАРды алышууда

2019-жылдын декабрь айынан тарта Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна Америка Кошмо Штатынан атайын ыктыярчылар келип, студенттерге англис тилин жакындан үйрөтүп жатышат. Келген адистер атайын келишимге ылайык окуу жайдын Гуманитардык факультетинде ишмердүүлүк жүргузүшүп, англис тили адистигинде окуган жана тил үйрөнүүгө кызыктар студенттерге чет тилин өздөштүрүүгө багытталган түрдүү сабактарды өтүшүүдө.

 04.02.2020      439       Кесиптик бирлик региондордо

Зордук-зомбулуксуз жашоо

 Зордук-зомбулуксуз   жашоо

Кадамжай районуна караштуу Орозбеков а йылындагы «Күлдү» орто мектебинин чон залында «Биз зордук-зомбулука каршыбыз» деген темада окуучулар арасында иш чара болуп үттү. Иш чарага билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, раайондук билим берүү бөлүмүнүн усулкана башчысы А.Сакрымсаков, окуучулар жана мугалимдер катышты. Иш чаранын максаты жаш өспүрүм балдарды зордук-зомбулуксуз жашоону үйрөтүү жана туура тарбия берүү. Мектеп окуучулары иш чаранын жүрүшүндө театрлаштырылган чакан концерттик программаларын аткарып беришти. Райондук профсоюз комитетинин төрагасы иш чараны жогорку деӊгээлде уюштурулгандыгын айтып иш чараны жыйынтыктады.

 04.02.2020      716       Кесиптик бирлик региондордо

ЖКнын депутаты Айнура Алтыбаева Оштогу ЖОЖдор менен таанышып чыкты

ЖКнын депутаты Айнура Алтыбаева Оштогу ЖОЖдор менен таанышып чыкты

Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты Айнуру Алтыбаева Ош шаарында иш сапары менен болуп, аны менен бирге Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна келип, окуу жай жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө ректор акыркы учурда институтта жүрүп жаткан кызуу иштер боюнча маалымат берүү менен, жаңы ачылыштар, жаңы жылдагы ишке ашкан өздүк жылуулук берүүчү борбордун курулушу, усулдук борборлордун ачылышы менен жакындан таанышып чыгышты. Жалпы иштин жыйынтыгын көргөн депутат окуу жайдагы өнүгүү - өз жолунда баратканын жана көзгө көрүнө турган, алгылыктуу иштер ишке ашканына баа берип, эл өкүлү катары мугалимдерге ар дайым колдоо көрсөтөөрүн баса белгиледи.

 04.02.2020      443       Кесиптик бирлик региондордо