Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун билим берүү мекемелери ата-энелер менен биргеликте иш алып барууну чыңдоодо

Лейлек районунун билим берүү мекемелери ата-энелер менен биргеликте иш алып барууну чыңдоо максатында жана ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык 2020-жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына карата, жыл башынан тартып мектептерде  жалпы ата-энелер чогулуштары, “Энелер мектеби” боюнча семинарлар жана башка иш чаралар өткөрүлүп келүүдө.

Мисалы, А.Навои атындагы орто мектебинде 2020-жылдын 31-январында жалпы ата-энелер чогулушу болуп өттү. Чогулушка ЖКК кызматкерлери, жашы жете элек өспүрүм балдар менен иштеген  милиция кызматкери, врач-эпидемиолог жана мектеп дарыгери катышты.

Чогулушту  баштоо алдында быйылкы 2020-жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында коомдук ишмер И.Раззаковдун 110жылдыгы, Советтер Союзунун Баатыры С.Садыковдун 100 жылдыгы белгиленип жаткандыгын, мына ошол маарекеге арналган даярдыктар мектепте да жүрүп жаткандыгы айтылды.    Андан соң,  ата-энелер үчүн жагымдуу маанай тартулоо катарында башталгыч класстар тарабынан даярдалган бий, 8-класстардын аткаруусунда С.Садыковдун эрдигинен кыскача көрүнүш көрсөтүлүп, обондуу ырлар аткарылды.

Чогулушта негизинен окуу, тарбия иштериндеги жарым жылдыктын жыйынтыгы, чогулушка катышкан тиешелүү кызматкерлер тарабынан кылмыштуулукту алдын алуу, жашы жете элек өспүрүм балдар менен иш алып баруу,   жугуштуу оорулар жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,  күн тартибиндеги маселелер каралды.

Ал эми, “Тогуз -Булак” орто мектебинин ата-энелер чогулушунун башкалардан өзгөчөлүгү чогулуш жыйынтыкталгандан соң энелерден түзүлгөн командалар арасында  спорттук мелдеш өткөрүлдү. Д.Жороев атындагы орто мектебинде болсо, “Баланы коргоо жана колдоо” темасында докладдар окулуп, слайддар көрсөтүлдү. “Ак-Суу” жалпы билим берүү мекемесинде жалпы ата-энелердин, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн,  соц. адистин, аялдар кеңешинин төрайымынын  катышуусунда өткөрүлгөн чогулушта мектеп окуучуларынын автоунаа айдоосуна тыюу салуу жана мектепте акылдуу мектеп долбоорун ишке ашыруу маселелери каралды.

Мындай ата-энелер чогулуштары, деги эле ушул сыяктуу иш чаралардын өткөрүлүшү терс көрүнүштөрдү алдын алууга, балдарды колдоого чоң өбөлгө болуп, региондорду өнүктүрүүгө жана санариптештирүүгө салымын кошуп, ата-энелердин мектеп менен болгон байланышын арттырат.

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева