Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“МЫКТЫ БАЛДАР БАКЧАСЫ-2019” КАРОО-СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Райондун аймагындагы балдар бакчаларынын материалдык техникалык базасын чыңдоо, педагогикалык кадрлар менен камсыз кылуу жана алардын алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу максатында уюштурулган               «2019-жылдын мыкты балдар бакчасы» кароо-сынагыны жыйынтыгын комиссия карап чыгып  райондук комиссиянын сунушун карап чыгып жана талкуулап, райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясы жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин Президиуму биргелешкен чечим кабыл алды. Раймамадминистрациянын токтому менен «2019-жылдын мыкты балдар бакчасы» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү да аныкталды.

Райондук  «2019-жылдын мыкты балдар бакчасы» кароо-сынагына катышкан балдар бакчаларынын көрсөткүчтөрүн карап чыгып, анын жыйынтыгынын негизинде балдар бакчалары төмөнкүдөй болуп чыкты:

  1. Төрт-Күл айыл өкмөтү  – “Алтын балалык” б.б.    – I  орун
  2. Кара-Бак айыл өкмөтү  – “Бөбөктай” б.б  – II  орун         
  3. Кара-Булак айыл өкмөтү – “Ынтымак” б.б.   – III орун
  4. Ак-Татыр айыл өкмөтү  – “Гүлзар”  б.б  – IV орун
  5. Дара айыл өкмөтү – “Тайбөбөк”  б.б. – V орун
  6. Суу-башы айыл өкмөтү – “Жетиген” б.б. –VI орун
  7. Самаркандек айыл өкмөтү – “Бала нур” б.б. – VII орун
  8. Кыштут айыл өкмөтү – “Жоогазын”  б.б.  –VIII орун
  9. Ак-Сай айыл өкмөтү – “Эдельвейс”  б.б.– IX орун 

Кароо-сынакта жеңүүчү болгон I, II, III   орундарды ээлеген “Алтын балалык”, “Бөбөктай”,  “Ынтымак” балдар бакчаларын  жобого ылайык тиешелүү даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо раймамадминистация, IV, V, VI, VII, VIII, IX орундарды ээлеген “Гүлзар”, “Тайбөбөк”, “Жетиген”, “Бала нур”, “Жоогазын”, “Эдельвейс” балдар   бакчаларын  жобого ылайык кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйлоо Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетине сунуш кылынган.   I, II, III орундарды ээлеген балдар бакчаларынын сыйлыгы жакынкы күндөрдө райондук администрациясынын коллегиясында сыйлыктары тапшырылмакчы. IV, V, VI, VII, VIII, IX орундарды ээлеген балдар бакчаларына райондук комитеттин президиумунда кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Райондук кароо-сынакта жеңүүчү болгон балдар бакчаларынын жетекчилери жана тарбиячылары үчүн  кесиптик бирликтин райондук комитеттин бюджетинен каражат бөлүнүп,  2020-жылдын июнь-июль айларында Кыргызстандын кооз жайларынын бирине эс алуу  экскурсиясы уюштурулмакчы.

 

Билим берүү  кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин  Баткен

райондук комитетинин  жетектөөчү адиси   

Б.Абдыразакова