Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИнин студенттери АМЕРИКАДАН КЕЛГЕН ЫКТЫЯРЧЫЛАРДАН ТААСИРДҮҮ САБАКТАРды алышууда

2019-жылдын декабрь айынан тарта Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна Америка Кошмо Штатынан атайын ыктыярчылар келип, студенттерге англис тилин жакындан үйрөтүп жатышат. Келген адистер атайын келишимге ылайык окуу жайдын Гуманитардык факультетинде ишмердүүлүк жүргузүшүп, англис тили адистигинде окуган жана тил үйрөнүүгө кызыктар студенттерге чет тилин өздөштүрүүгө багытталган түрдүү сабактарды өтүшүүдө.        

Студенттердин көз карашын өзгөртүп, өзгөчө таасир калтырып аталган коноктор Grace Mikeska,  Ludia Gilder аталган өлкөнүн Texas жана Ohio  штатынан келишкен. Алар  2 айдан бери Ош шаарында жашашып,  кыргыз элинин маданияты, үрп адаты жалпы жашоо-турмушу менен кызыгуу менен таанышып жаткандарын жана бир топ кызыктуу күндөр өтүп жатканын билдиришти.

Курста окуп жаткан студенттердин пикиринде бул сыяктуу ыктыярчылар менен бирге чет тилин үйрөнүү абдан жеңил жана таассирдүү экенин айтышат. Күндө өтүлүп жаткан сабактар аябай кызыктуу болуп, тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгү кеңейүү менен билим алууга мыкты шарт түзүлгөнүн кошумчалашат.

Белгилей кетсек ОГПИде аталган англис тили адистигинде бир миңге жакын студент билим алып жатат. Алардын сапаттуу кадр болуп чыгуусу үчүн жетекчилик тарабынан ушул сыяктуу жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, үйрөнгөн тилди практика жүзүнө ашыруу багытында турдүү саамалыктар уюштурулуп  келет.

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу