Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сыйлыктар - мыкты социалдык өнөктөштөргө

Баткен районунда райондук мамлекеттик администрациянын 2018-жылдагы   токтому менен жарыяланган мыкты социалдык өнөктөштөрдүн кароо-сынагы жыл сайын өткөрүлүп келет.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук кесиптик бирлик комитетинин биргелешкен токтому менен жайылтылган «2019-жылдын мыкты социалдык өнөктөшү-мектеп жетекчилиги» жана «2019-жылдын мыкты социалдык өнөктөшү-баштапкы кесиптик бирлик уюму» кароо-сынактарын жыйынтыктаган райондук комиссиянын сунушун карап чыгып жана талкуулап, райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясы жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин Президиуму биргелешкен чечим кабыл алды. Раймамадминистрациянын токтому менен «2019-жылдын мыкты социалдык өнөктөшү – айыл өкмөтү» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү да аныкталды.

Социалдык өнөктөштөрдүн 2018-2019-жылдардагы райондук кароо-сынагынын 2019-жылдагы жыйынтыгына ылайык төмөнкү айыл өкмөттөрү, мектептердин жетекчиликтери жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдары жеңүүчү деп табылды.

а) айыл өкмөттөрү боюнча

  1. Дара айыл өкмөтү - I орун I даражадагы диплом баалуу белек
  2. Кара-Булак айыл өкмөтү - II орун  II даражадагы диплом баалуу белек
  3. Кара-Бак айыл өкмөтү     - III орун III даражадагы диплом баалуу белек

б) Мектеп жетекчилиги боюнча:

  1. С.Момунов а.о.м. - I орун - I даражадагы диплом жана 2000 сом
  2. Кара-Токой г.м. - II орун - II даражадагы диплом жана 1500 сом
  3. Б.Ходжаев а.о.м. - III орун - III даражадагы диплом жана 1000 сом

в) Баштапкы кесиптик бирлик уюмдары боюнча:

  1. Б.Ходжаев а.о.м. - I орун - I даражадагы диплом жана 1500 сом

    2. С.Эрматов а.о.м.  - II орун  - II даражадагы диплом жана 1000 сом

  1. Б.Байназаров а.б.м. - III орун - III даражадагы диплом жана 500 сом

Баткен районунда райондук мамлекеттик администрациянын   2018-жылдагы   токтомунун негизинде  «2019-жылдын мыкты социалдык өнөктөшү-мектеп жетекчилиги» райондук билим берүү бөлүмү, «2019-жылдын мыкты социалдык өнөктөшү-баштапкы кесиптик бирлик уюму» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүн кесиптик бирликтин райондук комитети тарабынан сыйланды.  

«2019-жылдын мыкты социалдык өнөктөшү – айыл өкмөтү» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүн райондук мамлекеттик администрация тарбынан раймамадминистрациянын коллегиясында сыйланат.

Мындан сырткары мыкты социалдык өнөктөштөр үчүн 2020-жылдын жайкы дем алуу мезгилинде Ысык-Көлдүн жээгинде жана республиканын табияты кооз жерлеринде дем алуу экскурсиясы уюштурулмакчы. Бул үчүн кесиптик бирликтин райондук комитеттин бюджетинен атайын каражат бөлүндү.

          

Билим берүү  кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин  Баткен

райондук комитетинин  жетектөөчү адиси 

Б.Абдыразакова