Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖКнын депутаты Айнура Алтыбаева Оштогу ЖОЖдор менен таанышып чыкты

Кыргыз Республикасынын Жогорку  кеңешинин депутаты Айнуру Алтыбаева Ош шаарында иш сапары менен болуп, аны  менен бирге  Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна келип, окуу жай жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө ректор акыркы учурда институтта жүрүп жаткан кызуу иштер боюнча маалымат берүү менен, жаңы ачылыштар, жаңы жылдагы ишке ашкан өздүк жылуулук берүүчү  борбордун курулушу, усулдук борборлордун ачылышы менен жакындан  таанышып чыгышты.

Жалпы иштин жыйынтыгын көргөн депутат окуу жайдагы өнүгүү - өз жолунда баратканын жана көзгө көрүнө турган, алгылыктуу иштер ишке ашканына баа берип, эл өкүлү катары мугалимдерге ар дайым колдоо көрсөтөөрүн баса белгиледи. 

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу