Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

"Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз"

Лейлек районунун Кара-Булак айылындагы "Кара-Булак" орто мектебинин 7- классынын 4 окуучусу сүрөт мугалими Марипов Абдинабинин жетекчилиги астында 2020- жылдын 7- февралында Илим жана техника олимпиадасынын облустук туруна катышып келишти. Жыйынтыгында, 7- а классынын окуучусу Муратбек уулу Алинур "Жаш ойлоп табуучу" номинациясы боюнча 1- орунду камсыздап, 12- февралда Бишкек шаарында өтүлө турган республикалык туруна жөнөп кетти. Ал эми Аман уулу Сүйүнбай "Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз" номинациясы боюнча 1- орунду ээлеп, үстүбүздөгү жылдын 21- апрелинде Жалал-Абад шаарында өтүлүүчү Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан мамлекеттеринин арасында боло турган эл аралык туруна катышууга укук алды.

 13.02.2020      459       Кесиптик бирлик региондордо

Дене тарбия мугалимдери арасында кичи-футбол оюну өткөрүлдү

Дене тарбия мугалимдери арасында кичи-футбол оюну өткөрүлдү

2020-жылдын 8-февралында Советтик армиянын Ооган жергесинен чыгарылганынын 31-жылдыгына карата курман болгон жердештерибиздин урматына арналган Нарын райондук билим берүү тармагында эмгектенген дене тарбия мугалимдери арасында кичи-футбол оюну өткөрүлдү. Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Нарын райондук комитети тарабынан уюштурулган кичи –футбол оюнуга Нарын райондук билим берүү бөлумүнүн башчысы жана Ооган согушунун областык Кеңеши төрагасы катышып,жеңүүчүлөргө байгелүү белектер жана диплом менен сыйланышты .

 12.02.2020      478       Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн командасы кичи-футбол боюнча “Достук кубогуна” катышты

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн командасы кичи-футбол боюнча “Достук кубогуна” катышты

2020-жылдын 8-февраль күнү Ноокен районунун Масы айылында райондун аймагындагы мекеме-ишканалар арасында мини-футбол боюнча “Достук кубогу” аталышындагы турнир болуп өттү. Турнир Ноокен райкомунун алдындагы Жаштар Кеңешинин төрагасы Т. Бакировдун демилгеси менен уюштурулуп, Ханнс Зайдель Фондунун стипендиаттары жана Ноокен райондук Жаштар Кеңеши тарабынан каржыланды. Иш чарага Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э. Маматаев, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райкомунун төрагасы К. Нышанов, Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Эшенкулов, жана башка мекеме-ишканалардын жетекчилери, ММК өкүлдөрү катышышты. Бул иш чаранын негизги максаты ден-соолукту бекемдөө, сергек жашоону пропагандалоо жана мекеме-ишканалардын ортосундагы достук алакаларды чыңдоо болуп саналат. Турнирде 16 мекеме-ишканалардын командалары катышты. Алардын катарында Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн командасы да активдүү катышышты. Жыйынтыгында 1-орун Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн, 2-орун Айыл банкынын, 3-орунга “Кыргызнефтегаз” ААКнун командалары татыктуу болушту. “Мыкты команда” номинациясына Ноокен райондук электр тармактар ишканасынын командасы, турнирде активдүү катышкандыгы үчүн Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн командалары сыйланышты. Жеңүүчүлөргө дипломдор, кубок, медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Турнирди уюштурууда көмөк көрсөткөндүгү үчүн Ноокен райондук мамлекеттик администрациясына, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетине, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө, Ханнс Зайдель Фондунун стипендианты М. Токтосуновго ыраазычылык билдиребиз.

 12.02.2020      478       Кесиптик бирлик региондордо

«Жаратылыш –жан досум» аттуу акция

«Жаратылыш –жан досум» аттуу акция

Таш-Көмүр шаарына караштуу №1 Н.Островский атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде Шааркомдун Жаштар Кеңешинин төрагасы Дайырбек уулу Манас тарабынан акция уюштурулду. Бул акцияга “Академия Роста-Кербени” интелектуалдык өнүгүү борбору тарабынан “Жаратылышты коргоо жана канаттууларга кам көрүү” урааны менен башка мектептер жана шаардык ички иштер бөлумүнүн кызматкерлери, шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, Жаштар Кеңешинин жаштары, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн тарбиялануучулары активдүү катышышты. Ошондой эле канаттууларга арналган 10 даана уялар орнотулду.

 10.02.2020      682       Кесиптик бирлик региондордо

"Город, дружественный детям и молодежи"

В рамках Указа Президента Кыргызской Республики "Об объявлении 2019 года Годом развития регионов и цифровизации страны" пройдет конкурс по постановлению Правительства от 2 мая 2019-года №206 среди городов Кыргызстана "Город, дружественный детям и молодежи". Доклад « Положение детей и молодежи в Кара -Куле» подготовлен от имени  мэрии. Кара- Кульский городской комитет профсоюза работников образовании и ГорОО  оказали помощь в  проведении мероприятий, сборе информации, сделали аналитический анализ по  работе в образовании.

 10.02.2020      1142       Уюштуруу иштери

“Манас таануу” теле таймашы Ноокен районунда жыйынтыкталды

“Манас  таануу” теле таймашы Ноокен районунда жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 67 токтому менен бекитилген “Манас” эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2018-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясы менен бирге жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын арасында республикалык “Манас таануу” телетаймашын өткөрүп жатканы баарына маалым. Аталган таймаш 2020-жылдын 7-февраль күнү Ноокен районунда болуп өттү. Телетаймаштын максаты кыргыз элинин эң негизги руханий мурасы жана тарыхый байлыгы болгон Манас үчилтигин окуучулар, жаштар жана жалпы эле көрүүчүлөр арасында жайылтуу, кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана тилин сактоо, өнүктүрүү, рухий дөөлөттөрдү даңазалоо, өсүп келе жаткан жаш муунду “Манас” эпосунун философиясынын негизинде жарандык атуулдукка, достукка, биримдикке, улут аралык ынтымакка тарбиялоо, окуучуларга тарыхты үйрөтүү жана мекенчилдик сезимдерин жогорулатуу болуп саналат. Мына бул багыттагы иш чарага биздин райондогу жайгашкан мектептерден 45 команда келип катышты. Ошондой эле иш чарага Ноокен мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Юлдашвеа З.И., Атибаев Ж. жана райБББнүн башчысы Н.К.Олжобаевдер келип катышып, өздөрүнүн каалоо-тилектерин айтышып, таймашты ачып беришти. Таймашка жалпы билим берүүчү мектептердин 8-11-класстарынын окуучулары келишти. Топту жетектөөгө атайын бир мугалим дайындалып, балдарды даярдашты. Командаларга 5тен суроо берилип, жыйынтыгында эң жогорку 25 балл алган 3 команда байгелүү орундар үчүн ат салышты.

 10.02.2020      819       Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде айлык акы жогорулап, “СоцПакет” долбоору ишке кирди

ОГПИде айлык акы жогорулап, “СоцПакет” долбоору ишке кирди

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун профессордук-окутуучулук курамынын жана административдик чарба кызматкерлеринин айлык акылары жогорулады. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет. Тактап айтсак кызматкерлердин буга чейинки алган акладына (бардык стимулдарынан сырткары) 65% кошумча акы кошулуп, 2020-жылдын январь айынан бериле баштаган. Окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев окутуучуларга мүмкүн болгон бардык шартты түзүп, ошого жараша жоопкерчиликти күчөтүүгө аракеттер болуп жатканын айтат. Ректор өз сөзүндө “Институттун акча каражатын сарамжалдуу пайдалануунун, үнөмдөөнүн натыйжасында айлык акыларды көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Айлык маянанын жогорулашы окуу процессиндеги түрдүү негативдүү көрүнүштөрдү алдын алып, билим берүүнүн сапатын жакшыртууга шарт жаралып жатат” деп баса белгиледи.

 10.02.2020      641       Кесиптик бирлик региондордо

Город Кызыл-Кыя подвели итоги года

Город Кызыл-Кыя подвели итоги года

31 января 2020 года Кызыл-Кийский городской комитет профсоюза работников образования подвели итоги 2019 года. На расширенном заседании городского комитета были приглашены председатели профкомов школ и детских садов. С информацией об итогах 2019 года выступила председатель городского комитета Буванова М. А, отметила что, профсоюзные организации образования активно участвуют во всех проводимых мероприятиях города, области и республики. Отметила активных профсоюзных лидеров, которые участвуя, были достойны больших наград, а также утвердили перспективный план работы городского комитета на 2020 год.

 10.02.2020      537       Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта “Биз кылмыштуулукка каршыбыз жана зордук зомбулукка каршыбыз” деген ураан астында иш чара өткөрүлдү

Сузакта “Биз кылмыштуулукка каршыбыз жана зордук зомбулукка каршыбыз” деген ураан астында иш чара өткөрүлдү

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда “Биз кылмыштуулукка каршыбыз жана зордук зомбулукка каршыбыз” деген ураан астында иш чара өткөрүлдү. Бул иш чара Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков тарабынан жарыяланган “2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата түзүлгөн иш чаралардын алкагында уюштурулду. Бул иш чара райондун активинин жыйыны формасында өткөрүлдү. Жыйынга мектеп директорлору, мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучулар, социалдык педагогдор, райондун укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, социалдык башкармалыктын өкүлдөрү катышты.

 07.02.2020      1103       Кесиптик бирлик региондордо

Баткен областтык профсоюз комитетинин пленуму болуп өттү

Баткен областтык профсоюз комитетинин  пленуму  болуп өттү

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети 2020-жылдын 6-февралында пленум өткөрдү.  Пленумдун күн тартибинде Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук, шаардык профсоюз комитеттери тарабынан профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык укуктарын коргоодо жамааттык келишимдердин түзүлүшү жана аткарылышы жөнүндө пленумдун катышуучуларына маалымат берилди.  Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин курамынын мүчөлөрүн толуктоо боюнча жумуштан бошогон жана башка жумушка которулган мүчөлөрдүн ордун толуктоо маселеси каралып областтык комитеттин курамы толуктоо киргизилди.  Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун VII съездине делегаттарды шайлоо жөнүндө маселе каралып тиешелүү токтомдор кабыл алынды.

 07.02.2020      435       Кесиптик бирлик региондордо

“Ак Эмгек Бааланат”

“Ак Эмгек Бааланат”

Республикада жарыяланган 2019-жыл “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылынын алкагында тармактын профсоюз комитеттеринин социалдык ишмердүүлүктөрүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана өркүндөтүү, билим берүү, илим кызматкерлерин жана студент жаштарды социалдык жактан колдоо жана эмгек укуктарын коргоодо тармактык профсоюздун уставдык максаттарынын жана милдеттеринин ишке ашырылышы, жер-жерлерде профсоюздун ролун, ишмердүүлүктөрүн, кадыр-баркын инновациялык жана маалыматтык ыкмаларды өнүктүрүү аркылуу күчөтүү максатында Борбордук профсоюз комитетинин жарыялаган 2019- жыл тармактын райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулук жылынын алкагында Жалал-Абад областынын Токтогул районунун 2019-жылда иш планына жараша аткарылган иш чаралардын жыйынтыгы боюнча райондук профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраилов тун эмгегин баалап профсоюздун Борбордук Комитетинин төрагасы А. Токтогулов жана Жалал-Абад обком төрагасы А.Исмаилов тарабынан баалу белектер, грамоталар менен сыйланды.

 07.02.2020      526       Кесиптик бирлик региондордо