Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен областтык профсоюз комитетинин пленуму болуп өттү

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети 2020-жылдын  6-февралында пленум өткөрдү.

  • Пленумдун күн тартибинде Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук, шаардык профсоюз комитеттери тарабынан профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык укуктарын коргоодо жамааттык келишимдердин түзүлүшү жана аткарылышы жөнүндө пленумдун катышуучуларына маалымат берилди.
  • Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин курамынын мүчөлөрүн толуктоо боюнча жумуштан бошогон жана башка жумушка которулган мүчөлөрдүн ордун толуктоо маселеси каралып областтык комитеттин курамы толуктоо киргизилди.
  • Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун VII съездине делегаттарды шайлоо жөнүндө маселе  каралып тиешелүү токтомдор кабыл алынды.

Пленумга райондук шаардык профсоюз комитеттеринин төрагалары, пленум мүчөлөрү катышышты.      

 

Уюштуруу, укук иштери боюнча адис 

К.Акимов