Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн командасы кичи-футбол боюнча “Достук кубогуна” катышты

2020-жылдын 8-февраль күнү Ноокен районунун Масы айылында райондун аймагындагы мекеме-ишканалар арасында мини-футбол боюнча “Достук кубогу” аталышындагы турнир болуп өттү.

Турнир Ноокен райкомунун алдындагы Жаштар Кеңешинин төрагасы Т.Бакировдун демилгеси менен уюштурулуп, Ханнс Зайдель Фондунун стипендиаттары жана Ноокен  райондук Жаштар Кеңеши тарабынан каржыланды. 

Иш чарага Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким   Э.Маматаев, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов, Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкулов жана башка мекеме-ишканалардын жетекчилери, ММК өкүлдөрү катышышты.    

Бул иш чаранын негизги максаты ден-соолукту бекемдөө, сергек жашоону пропагандалоо жана мекеме-ишканалардын ортосундагы достук алакаларды чыңдоо болуп саналат.

Турнирде 16 мекеме-ишканалардын командалары катышты. Алардын катарында Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн командасы да активдүү катышышты.

Жыйынтыгында 1-орун Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн, 2-орун Айыл банкынын, 3-орунга “Кыргызнефтегаз” ААКнун командалары татыктуу болушту.

“Мыкты команда” номинациясына Ноокен райондук электр  тармактар ишканасынын командасы, турнирде активдүү катышкандыгы үчүн Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн  командалары сыйланышты.

Жеңүүчүлөргө дипломдор, кубок, медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Турнирди уюштурууда көмөк көрсөткөндүгү үчүн Ноокен райондук мамлекеттик администрациясына, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетине, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө, Ханнс Зайдель Фондунун стипендианты М. Токтосуновго ыраазычылык билдиребиз.

 

Ф.Акматова

Ноокен райкомунун Жаштар Кеңешинин катчысы