Центральный комитет профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики

Центральный комитет профсоюза

работников образования и науки Кыргызской Республики

Профсоюз в регионах

"Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз"

Лейлек районунун Кара-Булак айылындагы  "Кара-Булак" орто мектебинин 7- классынын 4 окуучусу сүрөт мугалими Марипов Абдинабинин жетекчилиги астында  2020- жылдын 7- февралында Илим жана техника олимпиадасынын облустук туруна катышып келишти.

Жыйынтыгында, 7- а классынын окуучусу Муратбек уулу Алинур "Жаш ойлоп табуучу" номинациясы боюнча 1- орунду камсыздап, 12- февралда Бишкек шаарында өтүлө турган республикалык туруна жөнөп кетти. Ал эми Аман уулу Сүйүнбай "Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз" номинациясы боюнча 1- орунду ээлеп, үстүбүздөгү жылдын 21- апрелинде Жалал-Абад шаарында өтүлүүчү Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан мамлекеттеринин арасында боло турган эл аралык туруна катышууга укук алды.

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева