Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Дене тарбия мугалимдери арасында кичи-футбол оюну өткөрүлдү

2020-жылдын 8-февралында   Советтик  армиянын  Ооган жергесинен чыгарылганынын 31-жылдыгына карата курман болгон жердештерибиздин  урматына арналган Нарын  райондук билим берүү тармагында эмгектенген  дене тарбия мугалимдери арасында кичи-футбол оюну өткөрүлдү. Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Нарын райондук комитети тарабынан  уюштурулган кичи –футбол оюнуга  Нарын райондук билим берүү бөлумүнүн башчысы жана  Ооган согушунун областык Кеңеши төрагасы  катышып,жеңүүчүлөргө  байгелүү белектер  жана диплом менен сыйланышты .

Алар:

  1. 1-орун  - Кара-Кужур өрөөнү
  2. 2-орун - Эмгекчил  өрөөнү
  3. 3- орун - Дөбөлү өрөөнү

Мыкты чабуулчу- Ж.Өмүралиев атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими Бейшенакунов Эрмек. Мыкты каргоочу – К.Абиров атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими Жапанов Руслан. Мыкты оюнчуга- Шайыков Бейшенбектер диплом жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Ооган жергесинде  интернационалдык милдетин аткарын келген Нарын райондук билим берүү тармагында эмгектенген Рысбек Сулайманов жана  Койчубек Мусаевга ыраазычылык кат менен бирге белек тапшырылды.

 

Материалды даярдаган:

Курманкожоев Мукамбеталы