Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта “Биз кылмыштуулукка каршыбыз жана зордук зомбулукка каршыбыз” деген ураан астында иш чара өткөрүлдү

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда “Биз кылмыштуулукка каршыбыз жана зордук зомбулукка каршыбыз” деген ураан астында иш чара өткөрүлдү. Бул иш чара Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков тарабынан жарыяланган “2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата түзүлгөн иш чаралардын алкагында уюштурулду. Бул иш чара райондун активинин жыйыны формасында өткөрүлдү. Жыйынга мектеп директорлору, мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучулар, социалдык педагогдор, райондун укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, социалдык башкармалыктын өкүлдөрү катышты.

Жыйынга райондук мамлекеттик админстрациянын башчысынын орун басары Т.Туркбаев, орун басары Л.Абибова, областтык прокурордун орун басары А.Каримов, райондун прокурору М.Осмонов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Үсенов, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Э.Сатаров ж.б катышышты.

Жыйында жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштердин бүгүнкү абалы жана келечектеги милдеттер жөнундө маселелелер талкууланды.

Кылмыштуулукту чагылдырган видеоролик, 2 инсценировка көрсөтүлдү.

 

Материалды даярдаган:

Э.Аназаров

Сузак ПРК нын кызматкери