Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Манас таануу” теле таймашы Ноокен районунда жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2012-жылдын 31-январындагы  № 67 токтому менен бекитилген “Манас” эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2018-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясы менен  бирге жалпы билим берүүчү мектептердин  окуучуларынын  арасында республикалык “Манас таануу”  телетаймашын өткөрүп жатканы баарына маалым. Аталган таймаш 2020-жылдын 7-февраль күнү Ноокен районунда болуп өттү.        Телетаймаштын максаты кыргыз элинин эң негизги руханий мурасы жана тарыхый байлыгы болгон Манас үчилтигин окуучулар, жаштар жана жалпы эле көрүүчүлөр арасында жайылтуу, кыргыз элинин тарыхын,  маданиятын жана тилин сактоо, өнүктүрүү,  рухий дөөлөттөрдү даңазалоо, өсүп келе жаткан жаш муунду “Манас” эпосунун философиясынын негизинде жарандык  атуулдукка, достукка, биримдикке, улут аралык ынтымакка тарбиялоо, окуучуларга тарыхты үйрөтүү жана мекенчилдик сезимдерин жогорулатуу болуп саналат.

Мына бул багыттагы иш чарага биздин райондогу жайгашкан мектептерден 45 команда келип катышты. Ошондой эле иш чарага Ноокен мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Юлдашвеа З.И., Атибаев Ж. жана райБББнүн башчысы Н.К.Олжобаевдер келип катышып, өздөрүнүн каалоо-тилектерин айтышып, таймашты ачып беришти.  Таймашка жалпы  билим берүүчү мектептердин  8-11-класстарынын окуучулары келишти. Топту жетектөөгө атайын бир мугалим дайындалып, балдарды даярдашты.  Командаларга 5тен суроо берилип, жыйынтыгында эң жогорку 25 балл алган 3 команда байгелүү орундар үчүн ат салышты.

Бул командалар 2-турда ат салышып, натыйжа төмөнкүдөй болду.

1-орун №8 Т.Орозматов атындагы орто мектебинин окуучулары  Карыпбаева Таңсулуу, Токторалиева Самира, Токторалиева Мээримгүл. Мугалими Камбарова Саткын. Окутуу орус, өзбек тилиндеги мектептерден №2 С.Ногоева атындагы орто мектебинин окуучулары Касымбек уулу Уларбек, Мамиева Миргүл, Атамурзаева Жылдыз. Мугалими Сатывалдиева Гүлайим.

2-орун №34 “Жазгак” орто мектебинин окуучулары Абдижалил кызы Нурайым, Замирбек кызы Айзирек, Тайирова Таңсулуу. Мугалими Кебекова Барчайым.

3-орун №11 Э.Алиев атындагы орто мектебинин окуучулары Айталиева Айганыш, Нышанбаева Нуриза, Тешебаева Нуриза. Мугалими Маткасымова А.

Уюштуруучулар тарабынан жеңүүчүлөргө медаль, диплом, китептер тапшырылды. Ошондой эле жогорку балл алышкан командаларга Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан даярдалган кызыктыруучу белектер берилди.  Иш чаранын соңунда жаш манасчылардын айткан манасын угушуп, келген катышуучулардын баары Манастап ураан чакырышты.

Таймашты уюштуруучулар Талантбеков Нурбек - Маданияттын мыкты кызматкери, КТРКнын "Манас таануу" интеллектуалдык теле таймашынын башкы редактору, Имашов Бексултан-манасчы, Муса уулу Төлөбек-манасчы, Өмүркулов Бексултан-манасчы кыргыз элинин мекенчил жигиттерине райондогу билим берүү тармагында эмгектенген мугалимдер жамааты жана окуучулардын атынан өз ыраазычылыгызды билдиребиз.    Таймашты уюштурууга көмөк көрсөтүшкөн райондук мамлекеттик администрациясына, Ноокен айыл өкмөтүндөгү мектептерге, өзгөчө №8 Т.Орозматов атындагы орто мектептеринин эмгек жамаатынын иштерине ийгилиткерди каалайбыз! 

 

Ноокен райБББнүн мамлекеттик тил боюнча адиси  

 Андарова  Гүлнура