"Ооган согушу - айыкпас жара"
2019-2020-окуу жылында "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо" жылынын алкагында 15-февраль Афганчылар күнүнө карата Н.И.Мешков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектепте "Ооган согушу - айыкпас жара" аттуу темада 1-2-сменаларда жана башталгыч класстарда адабий музыкалуу кече өткөрүлдү. Ошондой эле Ооган согушунун катышуучулары менен жолугушуу болду.
17.02.2020 1302 Кесиптик бирлик региондордоМугалимдер арасында спорттук оюндар
Аксы районунда 2020-жылдын 15-февраль күнү аймактар аралык мугалимдер арасында спорттук оюндар болуп өттү.Бул спорттук оюндарды райондук кесип бирлик комитети уюштурду.Спорттун волейбол, теннис,шахмат ,тогуз коргоол түрлөрү ойнотулду.Н.Мамбетов,У.Турдубаев,С.Шатманов мектептери таймашышты. Мугалимдер балдарды тарбиялап окутуу менен бирге эле спорт менен да машыгышат.Жыл сайын бул оюндар өткөрүлөт . Волейболдон эжекелер командасы ойношуп, Н.Мамбетов мектеби биринчи орунду багындырышты.Шахмат,шашки ,теннис ойнотулуп,У.Турдубаев биринчи орунду ээледи. Жеңишке жеткен мугалимдер райондук турда ойношот. Жеңүүчүлөргө райондук профсоюз комитети тарабынан акчалай сыйлыктар берилет.
17.02.2020 622 Кесиптик бирлик региондордоИЛИМДИН ДОКТОРЛОРУНАН КОНОК ЛЕКЦИЯ
Студенттер - тажрыйбалуу илимпоздордон сабак алышууда... Тажрыйба алмашуу, билим берүүнү жакшыртуу жана билим сапатты жогорулатуу максатында ЖОЖдор арасында мобилдүүлүк программасы ишке ашып, жемиштүү натыйжасын көрсөтүп келүүдө. Аталган программага ылайык И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессорлору география илимдеринин доктору Абжапар Эргешов, КРдин илимимне эмгек сиңирген ишмер, география илимдеринин доктору Темирбек Чодураев жана Ош мамлекеттик университетинин профессору география илимдеринин доктору Курманаали Матикеев Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна келип, студенттерге лекция окушту.
17.02.2020 579 Кесиптик бирлик региондордоСоциалдык өнөктөштүк багытында жүргүзүлүп жаткан иштер
«Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамынын 32-беренеси жана «Мугалимдин статусу жөнүндөгү» мыйзамынын 8-10-11-беренелерине ылайык билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык маселелерин чечилиши боюнча мектеп администрациясы, баштапкы кесиптик уюмдары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ортосунда Үч тараптуу макулдашуулар түзүлгөн. Макулдашууда негизги маселелердин бири билим берүү тармагында эмгектенүү шарттарын жакшыртуу, окуу-тарбия иштерин жакшыртууга ыңгайлуу шарттарды түзүү, окуу-материалдык базаны чыңдоо болуп саналат. Анын негизинде Ноокен районундагы Достук айыл өкмөтү тарабынан билим берүү кызматкерлери үчүн бир топ иштер жасалды. Атап айтсак, 2 мугалимге турак жай куруу үчүн жер участкасы берилип, дагы эки жаш адиске жөлөк пул төлөнүп берилди. 15 мектеп жана бала бакча кызматкерлерине кайра бөлүштүрүү фондунан 9 гектар жер иштетүү үчүн бөлүп берилген. № 21 Фуркат, №26 Т. Анаркулов атындагы орто мектептеринин жылытуу системасы толук ремонттон өткөрүлдү.
17.02.2020 612 Кесиптик бирлик региондордоЖАШТАР СПОРТ ҮЧҮН ЖАНА БАҢГИЗАТКА КАРШЫ...
Баңгизат колдонуп, утурумдук жашоону негиз көргөндөр, же спорт менен машыгып, ден соолукту чыңдап, жаркын жашоодо жашагандар. Коом үчүн кайсынысы көбүрөөк таасирин тийгизет? Биз жашап жаткан чөйрөдө дээрлик баары кездешет. Бирок, коом үчүн терс таасирин тийгизип, жаштарды жаман жолдо жүрүшүнө түрткү болгон баңгизаттар тууралуу канчалык маалыматка ээсиз? Дал ушул суроолордун алкагында бүгүн Ош-гуманитардык педагогикалык институтунда “Жаштар спортту тандайт” аталышында жолугушуу болуп өттү.
14.02.2020 658 Кесиптик бирлик региондордоЖашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында иш чаралар уланууда
13-февраль күнү Ноокен райондүк мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында 2020-жыл "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо" жылына карата жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында райондук укук коргоо органдарынын башчылары, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары, Кочкор-Ата шаарынын мэри, социалдык маселелер боюнча адистери, аксакалдар кеңешинин төрагалары, аялдар кенешинин төрайымдары, мектеп директорлору, соц.педагогдору, балдар бакчалардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын болуп өттү. Жыйынга Жалал-Абад областтык прокурорунун орун басары А. Каримов келип катышты. Күн тартибиндеги маселе боюнча маалыматтарды Ноокен районунун прокурору З.Джумабеков, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Н.Сыдыков, райондук социалдык бөлүмүнүн башчысынын орун басары К.Бакировдор маалымат беришти. Райондун аймагындагы мектеп директорлору жана окуучулары тарабынан даярдалган видео-роликтер жана "Ата-эне сагынычынын баасы" аттуу сахналык көрүнүш тартууланды.
14.02.2020 747 Кесиптик бирлик региондордо"Англис тилин үйрөнөбүз"
Аксы районундагы Н.Мамбетов атындагы орто мектепте "Англис тилин үйрөнөбүз" деген темада бир жумалык иш чара уюштурулду. Англис тили дүйнөлүк тил эмеспи. Ошол себептен англис тилин үйрөнүү керек. Аймактарды өнүктүрүү,санариптештируу жана балдарды колдоо жылында, аймактагы мектеп окуучулардын билимдерин ар тараптуу өстүрүүгө шарттар түзүлгөн. Мектеп лагери, англис тилин үйрөнөбүз, бирге окуйбуз программаларынын негизде балдар көп нерселерди үйрөнүшөт. Окуучулар англис тилинде сүйлөгөн элдердин салт -санаасы, маданияты, шаарлары, чыгаан инсандары, географиялык абалын билишет.
14.02.2020 589 Кесиптик бирлик региондордо“Алтын ачкыч”
Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн №8 “Алтын ачкыч” м.ч.б.б. уюмунун жогорку тайпасынын тарбиячысы Сасикова Гулнара тайпадагы балдар менен 2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата “Атам, апам жана мен” аттуу иш-чараны ата-энелер менен бирдикте 11-февраль күнү спорттук кышкы оюндарды өткөрүштү. Бул иш чара балдардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, ден соолугуну чыңдоо, шамдагайлуулукка тарбиялоо жана ата-энелер менен бала бакчанын ортосундагы байланышты күчөтүү, жакшыртуу максатында уюштурулду. Оюнга ата-энелер жана балдар аябай кызыгуу менен катышты.
14.02.2020 578 Кесиптик бирлик региондордоТаш-Көмүрдө Ооган согушунун ардагерлерине арналган кечелер өткөрүлдү
2020-жылдын 12-февралында Таш-Көмүр шаарына караштуу №12 А.С Пушкин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганына карата ардагер-ооганчылардын,Таш-Көмүр шаардык Ооган ардагерлер союзунун төрагасы Т.Коңкобаевдин,Таш-Комүр шаардык Аскер комиссариатынын өкүлүнүн жана мектеп мугалимдеринин катышуусунда Эл агартуунун мыктысы Риксиева Раиса Каримовнананын “По афганским дорогам”темасындагы мекенчил ачык интеграциаланган сабагы өттү.Сабактын жүрүшүндө видео-фильмдер,документалдык жана көркөм фильмдер көрсөтүлдү.Ал эми окуучулар ардагерлерге арнаган ыр саптарын көркөм айтышып,ыр, бий тартуулашты.Сабактын жүрүшүндө ардагерлер менен суроо-жооптор,аңгемелешүүлөр болуп кызыктуу жана терең мазмундуу,патриоттук сезимдерге кучтүү таасири бар сөздор көп айтылды.Эң кубанычтуусу Р.К.Риксиева Республикабыздын Ооган ардагерлеринин союзунун “За военно-патриотическое воспитание молодежи”медалы жана мектептин профсоюз уюмунун башчысы З.Бабатаева тарабынан сыйлуу белектер менен сыйланды.
14.02.2020 561 Кесиптик бирлик региондордоПленум өткөрүлдү
Ош областтык профсоюз комитети кезекдеги Пленумдун 2020-жылдын 11-февралында өткөрдү. пленумда областтык комитеттин мүчөлүрүнн айрымдары башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу, комитеттин мүчөлүгүнөн чыгаруу жөнүндөгү арыздарына ылайык чыгарып, алардын орундарына райшаар, окуу жайлардын сунуштарына ылайык жаёы мүчөлөр шайланышты. Күн тартибиндеги профсоюздун ишмердүүлүгүн жогорулатуунун негизги багыттары жана жолдору жөнүндө төрага С.Тойгонбаев баяндама жасап, суроолорго жооп берди. Баяндама боюнча жарышуу сөзгө чыгып сүйлөгөн активистер өнөктөштөр менен алаканы жакшыртуу, кызматкерлердин ден-соолуктарын чыёдоого, балдарды колдоо жылына карата балдардын жайкы эс алуусун уюшкандыкта өткөрүүгө, жатак мектептерде, ушул өёдүү балдар бакчаларда иштеген мугалим, тарбиячыларга өзгөчө көёүл бурууга токтолушту.
13.02.2020 462 Кесиптик бирлик региондордоЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРУУЧУ ПРЕЗИДИУМУНУН ОТУРУМУ БОЛУП ӨТТҮ
Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин президиуму 2020-жылдын 5-февралында болуп өттү. Президиумга райондук комитеттин мүчөлөрү, билим жана илим кызматкерлеринин Кадамжай райондук комитеттин төрагасы, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, мектептердин жана балдар бакчаларынын директорлору, билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары катышышты. Президиумда биринчи маселе боюнча баяндаманы билим жана илим кызматкерлеринин Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов жасады.
13.02.2020 459 Кесиптик бирлик региондордо