Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Ак Эмгек Бааланат”

Республикада жарыяланган 2019-жыл  “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылынын алкагында тармактын профсоюз комитеттеринин социалдык  ишмердүүлүктөрүнүн натыйжалуулугун   жогорулатуу жана өркүндөтүү, билим берүү,  илим кызматкерлерин жана  студент жаштарды социалдык жактан колдоо жана эмгек укуктарын коргоодо тармактык профсоюздун уставдык  максаттарынын жана милдеттеринин ишке ашырылышы,  жер-жерлерде профсоюздун  ролун, ишмердүүлүктөрүн, кадыр-баркын  инновациялык жана маалыматтык ыкмаларды өнүктүрүү аркылуу   күчөтүү максатында Борбордук профсоюз комитетинин жарыялаган 2019- жыл тармактын райондук,  шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулук жылынын  алкагында Жалал-Абад областынын Токтогул районунун 2019-жылда иш планына жараша аткарылган иш чаралардын жыйынтыгы боюнча райондук профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраилов тун эмгегин баалап профсоюздун Борбордук Комитетинин төрагасы А. Токтогулов жана Жалал-Абад обком төрагасы А.Исмаилов  тарабынан баалу белектер, грамоталар менен сыйланды. Буга негиз болуп республикалык тармактык кароо сынагынын “Жылдын мыкты профсоюз лидери” номинациясын жеңүүчүлөрүнүн бири деп табылгандыгы нак, кесиптик бирлик уюм мүчөлөрүнүн эмгек-акыларын, иш шарттарын коргоодо, мезгил-мезгили менен эс-алууларын, ден-соолуктарын чыңдоодо жыл сайын санаторий “голубой Ыссык-Көл”, “Нептун” Ыссык-Ата, Жалал-Абад санаторий, Талас шаары “Манас кумбөзү”, “Сары-Челек” , Бээнин сүтү “Итагаар” жайлоосуна кечиктирилбестен жиберилип турушат. Мындан сырткары кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн балдарынын эс-алуусун, ден-соолуктарын чыңдоодо сүт ичүүгө “Итагаар” жайлоосуна Чычкан капчыгайындагы “Өйүш-Булак” лагерине барып турушат. Кесиптик бирлик уюм мүчөлөрүнө даталуу майрамдарга карата акчалай сыйлыктар, ардак грамоталар, грамоталар, баалу белектер райондук профсоюз комитетинен, райадминистрация тарабынан тапшырылып турат. Кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн эс алуусуна жылына 1,600000 мин сом акча сарпталат. Райондук профсоюз комитет тарабынан билим берүү кызматкерлеринин социялдык-экономикалык проблемаларын чечүү жана социялдык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Конститутуциясын, «Билим беруу» мыйзамын, «Мугалимдер статусун», «Кыргыз Республикасында эмгектик мамилелер боюнча социялдык оноктоштук» жана «Кесиптик бирликтер» жөнүндөгү мыйзамдардын негизинде жамааттык макулдашуулар жана жамааттык келишимдер, үч тараптуу келишимдер түзүлүп иш жүргүзүлүп келет. Билим беруу кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу,окуу-тарбия ишинин сапаттуулугун көтөрүү максатында райондук мамлекеттик администрация, айыл өкмөттөрү,райондук ички иштер болүмү, райондук прокуратура, райондук, борбордук оорукана жана райондук санитардык-эпидемиялык көзөмөлдөө кызматтары менен кызматташтык байланышта иштер жүргүзүлөт. Ушул аткарылып жаткан иштерди көзөмөлгөө алган райондук профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраиловдун салымы чоң жана кароо-сынактын “Жылдын мыкты профсоюз лидери” номинациясын алгандыгын төрага Т.Исраиловдун накта лидерлик сапаттарын тастыктайт.

Т.Исраилов агайдын сыйлыктары Токтогул райондук профсоюз комитетинин кызматкерлерине жана кесиптик бирликтин мүчөлөрүнө мындан нары иш-алпарууга чоң дем-күч берет деп ишенем.

Метериалды даярдаган:

Токтогул профсоюз комитетинин инспектору

Дуйшоналиев С.