Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш адистер КРнын эмгек сиӊирген мугалими менен жолугушту

Жалал-Абад областына караштуу Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райондук комитетинин алдындагы Жаштар кеңешинин демилгеси боюнча райондун 13 айыл өкмөтүнөн келген жаш адис мугалимдер жакында “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” наамы ыйгарылган Авазов Абдиманап Конокович менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу мезгилинде жаш адистер А.Авазовдун эмгек жолу жана жетишкен ийгиликтери жөнүндө кабардар болушту жана бул жогорку наамы менен куттукташып, каалоо тилектерин билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган

Сузак районунун

Жаштар кеңешинин төрайымы

А. Сулайманов.