Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксыда олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды

Аксы районунда 2019-жылдын 19-20-декабрь айында райондук предметтик олимпиада өткөрүлдү. Олимпиада Т.Уметалиев атындагы мектепте эки күн болду. 19-декабрь күнү теориялык, 20-декабрь күнү практикалык тапшырмалар берилди. Жыйынтыгында областык турга Ж.Мавлянов мектебинен 6 окуучу, Ж.Мамытбеков мектебинен 3 окуучу, Ж.Боконбаев мектептен 2 окуучу, Мешковдон 3 окуучу өтүштү. Олимпиада жаңы онлайн ыкмасы менен өткөрүлдү.

Тапшырмалар областтан берилди. Райондук билим берүү башкармасынын башчысы Эмилбек уулу Талантбек жылды жыйынтыктап, орундарга ээ болгон окуучуларды райондук Ардак грамота менен сыйлады. 1-2-3-орунду ээлеген окуучулар мектептин наамысын коргоп, мыктылары областтык турга жолдомо алышты.

Предметтик олимпиаданын областтык түрү 2020-жылы февраль айында өткөрүлөт. Аксы районунун профсоюз комитетинин төрагасы Сагын Камчыбеков окуучуларга ийгилик каалап, куттуктоо айтты. Окуучуларыбыз областык олимпиададан ийгиликтерди багындырып, Республикага катышууга жолдомолорго ээ болот деген үмүттөбүз. 2020-жылда Аксы районуна жемиштүү жылдардан болот деп ишенебиз. 

 

Материалды даярдаган,

Наргиза Тотоева