Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

Кадамжай районуна караштуу Т.Исмаилов атындагы орто мектебинде окуу фестивалы болуп өттү

Кадамжай  районуна  караштуу  Т.Исмаилов  атындагы  орто   мектебинде  окуу  фестивалы  болуп  өттү

2019-жылдын 12-декабрь күнү Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагына караштуу Т.Исмаилов атындагы орто мектебинин актовый залында улуттук китеп күнүнө карата билим алуу үчүн азык жана балдардын тамактануусу деген долбоордун алкагында чон окуу фестивалы болуп өттү. 6 мектептин башталгыч класстарынан мыкты деген окуучулар келишип таймаш ирээтинде өткөрүлдү. Фестваль Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси И.Досматов, окуу усулдук каана башчысы А.Сарымсаков, окуу усулдук каанын кызматкери Т.Актураева жана мугалимдердин, окуучулардын катышуусунда өттү.

 23.12.2019      599       Кесиптик бирлик региондордо

Облус жетекчисинин кубогуна арналып фудбол мелдеши болуп өттү

Облус жетекчисинин кубогуна арналып фудбол мелдеши болуп өттү

Ошто залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 12-декабрь туулган күнүнө арналган футбол болуп өттү. Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин демилгеси менен уюштурулуп, оюнга жогорку окуу жайлардын студенттеринен түзүлгөн командалар, окуу жай жетекчиликтери катышып, жогорку деңгээлдеги оюнду көрсөтө алышты. Достукту чындоого багытталган аталган мелдеште жалпы 6 команда беттешип, жыйынтыгында 3-орунду Ош мамлекеттик юридикалык институту, 2-орунду Облустук администрация, ал эми 1-орунду Ош гуманитардык-педагогикалык институту багындырды. Оюндун жыйынтыгында аталган иш чаранын демилгечиси, У.Жылкыбаев катышуучуларга ыраазычылык билдирүү менен жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырып өттү. Ошону менен бирге баш байгени багындырган ОГПИнин командасына кубок, диплом жана акчалай сыйлыктарды ыйгарды. Эскерте кетсек бул оюн мындан ары уланып, кезектеги эстафета ОГПИге өткөрүлдү.

 23.12.2019      426       Кесиптик бирлик региондордо

Санариптештирүү менен мугалимдердин эмгегин жеңилдетүүгө жетишели!

Санариптештирүү менен мугалимдердин эмгегин  жеңилдетүүгө жетишели!

2019-жылдын 14-декабрында “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында Майлуу-Суу шаарынын билим берүү кызматкерлеринин эмгегин жеңилдетүүгө жетишебиз!” темасында облустук семинар шаардын №2 орто мектебинин базасында өткөрулдү. Семинарга билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы А.А. Исмаилов, обкомдун жооптуу кызматкерлери А.Айдаров, З.Сулайманов, Таш-Көмүр, Көк-Жаңак шааркомдорунун төрагалары, Ноокен райкомунун инспектору, жаштар кеңештеринин төрагалары, мектеп директорлору, баштапкы профсоюздук уюмдарынын төрагалары катышты.

 18.12.2019      457       Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИнин Профсоюз комитетинин төрагасы шайланды...

ОГПИнин Профсоюз комитетинин төрагасы шайланды...

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун бириккен кесиптик бирлигинин 14-отчёттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү. Ага ректор Зулуев Бекмурза Бекболотович, Ош облустук билим-илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Тойгонбаев Сабыр Абдувапович жана окуу жай жетекчилиги, окутуучулар жамааты катышты. Иш чаранын жүрүшүндө аталган уюмдун 2015-2019-жылдар арасында жүргүзгөн иштери боюнча төрага Алманбет Кошбаев менен биргеликте Роза Карыбекова текшерүү комиссиясынын докладын жасашты. Докладдарды талкуу боюнча Музыкалык-педагогикалык факультетинин тарбия иштери боюнча орун басары Майрамкан Мусаканова, Кыргыз-Россия факультетинин окутуучусу Калипа Бердибековна жана Окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан Абсатаров сөз сүйлөшүп Профсоюз комитетинин 5 жылдык отчётун канаттандыраарлык деп табуу менен текшерүү комиссясынын маалыматтарын бекитишти.

 18.12.2019      511       Кесиптик бирлик региондордо

Делегаттар шааркомдун ишин «канааттандырарлык» деп табышты

Делегаттар шааркомдун ишин  «канааттандырарлык» деп табышты

2019-жылдын 13-декабрында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Көк-Жаӊгак шаардык VI конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга 19 делегат шайланып, анын ичинен 17 делегат катышты, жүйөлүү себептер менен 2 делегат катышкан жок.2015-2019-жылдар үчүн отчеттук докладды шааркомдун төрайымы Ж.Рысмамбетова, текшерүү комиссиясынын отчетун Ч.Ибрагимова жасады. Отчет боюнча жарыш сөздөргө №2 орто мектептин мугалими, делегат Шамшиева Ж, №3 Токтогул атындагы орто мектептин директору, делегат Токтосунова Г., №7 “Солнышко” балдар бакчасынын башчысы Маатова З., шаардык билим берүү бөлүмүнүн финансы башчысы Кожубекова Ш. чыгып сүйлөштү. Алар шааркомдун отчеттук мезгилде жүргүзгөн иштерин “канааттандырарлык” деп баалашты. Шааркомдун отчеттук мезгилдеги иши “канааттандырарлык” деп табылгандыгына байланыштуу кийинки мөөнөткө Ж.Рысмамбетованын талапкерлиги сунушталып, төрайымдык кызматка делегаттардын 17 добушу менен кайрадан шайланды.

 17.12.2019      465       Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде балдар бакчасынын ачылышы болуп өттү

Ноокенде балдар бакчасынын ачылышы болуп өттү

2019-жылдын 13-декабрь күнү Ноокен районундагы Момбеков айыл өкмөтүнө караштуу Жазгак айылында № 46 “Гулзар” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземге Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э. Маматаев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн мектепке чейинки билим берүү мекемелери боюнча адиси У. Шамаматова, Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Сейитова, Момбеков айылдык кеңешинин депутаттары, аксакалдар, айыл тургундары катышышты.

 17.12.2019      475       Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде “Улуттук адабият күнү” белгиленди...

ОГПИде “Улуттук адабият күнү” белгиленди...

Өзгөчө көркөм дүйнөнү өзүнө камтыган адабият бул адамдардын руханий байлыгы. Дал ушул адабияттын беделдүү инсандары болгон аалам алпы Ч.Айтматов менен А.Осмоновдун талантын даңазалоо максатында бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда адабий-чыгармачылык кече болуп өттү. Аталган кече институттун Кыргыз-Россия факультетинин “Кыргыз тили жана адабияты” кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайдын ректору Б.Б.Зулуев баштаган жетекчилик жамаат жана окутуучу, студенттер катышты.

 17.12.2019      551       Кесиптик бирлик региондордо

Райондо семинар – тренинг өткөрүлдү

Райондо семинар – тренинг өткөрүлдү

Жалал – Абад областына караштуу Сузак районунда бүтүрүүчүлөрдү жалпы республикалык тестирлөөгө жана окуучуларды предметтик олимпиадаларга даярдоого карата № 2 Дома – Ата атындагы жалпы орто билим берүүчү мектептин базасында окуу- тарбия иштери боюнча директордун орун басарларына райондук семинар- тренинг өткөрүлдү.

 17.12.2019      479       Кесиптик бирлик региондордо

Мероприятия по предотвращению насилия и профилактике правонарушений среди учащихся Лейлекского района

Мероприятия  по предотвращению насилия и  профилактике правонарушений среди учащихся Лейлекского района

В школах Лейлекского района периодически проводятся мероприятия по предотвращению насилия, профилактике правонарушений среди учащихся с участием родительской общественности, представителей системы внутренних дел, здравоохранения и социальной защиты. Согласно плану мероприятий составленных на учебный год в общеобразовательных организациях района проводятся различные мероприятия, воспитательные часы, открытые уроки, спортивные соревнования на темы по предотвращению насилия и профилактике правонарушений .

 12.12.2019      461       Кесиптик бирлик региондордо

Жомок ааламын аралаган жаш жеткинчектердин ийгилиги

        Жомок ааламын аралаган жаш жеткинчектердин ийгилиги

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору тарабынан Республикалык деңгээлде өткөрүлүп жаткан “Бөбөк сенин жомогуң” конкурсунун жыйынтыгы менен жеңүүчү деп таш-Көмур шаарына караштуу № 14 “Үмүт” балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын аткаруусундагы “Аңчы жигит” Байгөлөпөв Таалайбек, Таалайбеков Аман, Эсен табылып, конкурстун областтык жана республикалык баскычына жөнөтүлгөн эле. Бул конкурста жети областтан барган жаш жеткинчектердин ичинен Таалайбеков Аман жанан Эсен “Бөбөк сенин жомогуң” аттуу конкурстун ресбпубликалык баскычында 3-орунду багындырып келишти.

 12.12.2019      538       Кесиптик бирлик региондордо

Республикалык БИЛИМ ТАЙМАШта ОГПИнин студенттери жениш менен

Республикалык БИЛИМ ТАЙМАШта ОГПИнин студенттери жениш менен

Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн "Билге" аттуу Республикалык билим таймашка ОГПИнин студенттик командасы катышып келди. Болочоктогу тарыхчылардын башын бириктирген аталган таймаш, кыргыз элинин алгачкы жетекчилеринин бири Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына карата уюштурулган. Таймаш жогорку деңгээлде уланып, катышкан студенттер буга чейин алган билимдерин практика жүзүндө көрсөтүү менен өз командаларынын намысын коргошту. Белгилей кетсек бул билим таймашта жалпысынын 25 команда ат салышты. Оюндун жыйынтыгында ОГПИнин студенттик командасы байгелүү II орунду камсыздашып, уюштуруу тобу тарабынан диплом жана белектер менен сыйланып кайтышты.

 12.12.2019      534       Кесиптик бирлик региондордо