Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Республикалык БИЛИМ ТАЙМАШта ОГПИнин студенттери жениш менен

Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн "Билге" аттуу Республикалык билим таймашка ОГПИнин студенттик командасы катышып келди. Болочоктогу тарыхчылардын башын бириктирген аталган таймаш, кыргыз элинин алгачкы жетекчилеринин бири Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына карата уюштурулган. Таймаш жогорку деңгээлде уланып, катышкан студенттер буга чейин алган билимдерин практика жүзүндө көрсөтүү менен өз командаларынын намысын коргошту. Белгилей кетсек бул билим таймашта жалпысынын 25 команда ат салышты. Оюндун жыйынтыгында ОГПИнин студенттик командасы байгелүү II орунду камсыздашып, уюштуруу тобу тарабынан диплом жана белектер менен сыйланып кайтышты.

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу