Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИнин Профсоюз комитетинин төрагасы шайланды...

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун бириккен кесиптик бирлигинин 14-отчёттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү. Ага  ректор Зулуев Бекмурза Бекболотович, Ош облустук билим-илим кызматкерлеринин кесиптик  бирлигинин төрагасы Тойгонбаев Сабыр Абдувапович жана окуу жай жетекчилиги, окутуучулар жамааты катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө аталган уюмдун 2015-2019-жылдар арасында жүргүзгөн иштери боюнча  төрага  Алманбет Кошбаев менен биргеликте  Роза Карыбекова текшерүү комиссиясынын докладын  жасашты. Докладдарды талкуу боюнча Музыкалык-педагогикалык факультетинин тарбия иштери боюнча орун басары Майрамкан Мусаканова, Кыргыз-Россия факультетинин окутуучусу Калипа Бердибековна жана Окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан Абсатаров сөз сүйлөшүп Профсоюз комитетинин 5 жылдык отчётун канаттандыраарлык деп табуу менен текшерүү  комиссясынын маалыматтарын бекитишти. Андан соң окуу жайдын ректору Б.Б.Зулуев жамааттык келишимдердин аткарылып жатканын, окутуучулардын айлыгын атайын эсептен жыл сайын которуп аткандыгын жана кандидаттыгын жактаган окутуучуларга  70 000ден, докторлугун жактаган окутуучуларга 100 000ден окуу жайдын эсебинен берип жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле турмуш шарты оор  окутуучу кызматкерлерге жылына 50 000ден кайтарылбаган жардам берилерин,кошумчалады. Бул менен бирге жыл сайын окутуучулар үчүн Ысык-Көлгө эс алуу уюштурулуп жатканын, январь айында 15 кызматкерге санатория жана курортторго акысыз жолдомо алып берип, өнөктөштүк эмгек жамаатынын кызыкчылыктары үчүн жогорку деңгээлде иштер аткарылып жаткандыгын айтып өттү.

Мындан сырткары конференцияда уюмдун мүчөлөрү тарабынан атайын сунуштар айтылып, делегаттар профсоюз мүчөлөрүнүн социал-экономикалык абалын талкуулашты.

Профсоюз-жалпы жамааттын укугун коргогон коомдук уюм катары окуу жайда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет жана 5 жылда бир жолу отчёттук конференциясын уюштуруп, атайын шайлоонун негизинде уюмдун төрагасы шайланат. Бул жолу жалпы делегаттардын колдоосу менен профсоюз комитетинин төрагасы болуп кайрадан Кошбаев Алманбет Бекжанович шайланды.

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу