Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Облус жетекчисинин кубогуна арналып фудбол мелдеши болуп өттү

Ошто залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 12-декабрь туулган күнүнө арналган футбол болуп өттү. Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин демилгеси менен уюштурулуп, оюнга жогорку окуу жайлардын студенттеринен түзүлгөн командалар, окуу жай жетекчиликтери катышып, жогорку деңгээлдеги оюнду көрсөтө алышты. Достукту чындоого багытталган аталган мелдеште жалпы 6 команда беттешип, жыйынтыгында 3-орунду Ош мамлекеттик юридикалык институту, 2-орунду Облустук администрация, ал эми 1-орунду Ош гуманитардык-педагогикалык институту багындырды. Оюндун жыйынтыгында аталган иш чаранын демилгечиси, У.Жылкыбаев катышуучуларга ыраазычылык билдирүү менен жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырып өттү. Ошону менен бирге баш байгени багындырган ОГПИнин командасына кубок, диплом жана акчалай сыйлыктарды ыйгарды.

Эскерте кетсек бул оюн мындан ары уланып, кезектеги эстафета ОГПИге өткөрүлдү.

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу