Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде балдар бакчасынын ачылышы болуп өттү

2019-жылдын 13-декабрь күнү Ноокен районундагы Момбеков айыл өкмөтүнө караштуу Жазгак айылында № 46 “Гулзар” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземге Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким   Э. Маматаев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин  төрагасы  К.Нышанов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн мектепке чейинки билим берүү мекемелери боюнча адиси У. Шамаматова, Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Сейитова, Момбеков айылдык кеңешинин депутаттары, аксакалдар, айыл тургундары катышышты.  

Бакчанын курулушуна  жалпы  14 464 000 сом акча каражаты жумшалган.

Ноокен райондук экономиканы өнүктүрүү фондунан 8 863 000 сом, Стим гранддан-2 148 000 сом,  жергиликтүү бюджеттен -3 215 000 сом, демөөрчүлөрдөн – 238 000 сом.

Балдар бакчасы 85 орунду, 3 тайпага ылайыкташтырылган жана 17 кызматкер жумуш менен камсыз болушту.

 

Ноокен райКБКнын инспектору

Т. Бакиров