Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде “Улуттук адабият күнү” белгиленди...

Өзгөчө көркөм дүйнөнү өзүнө камтыган адабият бул адамдардын руханий байлыгы. Дал ушул адабияттын беделдүү инсандары болгон аалам алпы Ч.Айтматов менен А.Осмоновдун талантын даңазалоо максатында бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда адабий-чыгармачылык кече болуп өттү. Аталган  кече институттун  Кыргыз-Россия факультетинин “Кыргыз тили жана адабияты” кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайдын ректору Б.Б.Зулуев баштаган жетекчилик жамаат жана окутуучу, студенттер катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө залкар жазуучунун чыгармаларынан сахналык көрүнүштөр аткарылып, аны улай акындын калемине таандык обондуу  ырлардан  студенттер ырдашып, адабият ааламына баш бага көркөм кечени жаратышты.

Кеченин соңунда адабият күнүнө арналган атайын жумалыктын негизинде уюштурулган  тесттин жана интеллектуалдык оюндун жыйынтыгы чыгарылып, анын негизинде жеңүүчүлөр аныкталып жетекчилик тарабынан диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Белгилей кетсек 12-декабрь “Улуттук адабият күнү” деп 2011-жылы Кыргыз өкмөтү тарабынан жарыяланып, адабияттын ири өкүлдөрү болгон Ч.Айтматов жана А.Осмоновдун урматына белгиленип келе жатат.

 

Материалды даярдаган:

 Кубаныч Жылкычы уулу