Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Делегаттар шааркомдун ишин «канааттандырарлык» деп табышты

2019-жылдын 13-декабрында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Көк-Жаӊгак шаардык VI конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга 19 делегат шайланып, анын ичинен 17 делегат катышты, жүйөлүү себептер менен 2 делегат катышкан жок.

         Конференциянын күн тартибине:

  1. Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Көк-Жаӊгак шаардык комитетинин 2015-2019-жылдар үчүн отчету.

     (Докладчы: Рысмамбетова Ж.А. шаардык комитетинин төрайымы)

  1. Шаардык комитетинин текшерүү комиссиясынын отчету.

           (Докладчы: Ибрагимова Ч. комиссиянын төрайымы)

  1. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитетинин курамын шайлоо.
  2. Шаардык текшерүү комиссиясынын курамын бекитүү.
  3. Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Көк-Жаӊгак шаардык комитетинин төрагасын шайлоо.
  4. Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Көк-Жаӊгак шаардык комитетинин президиумунун курамын бекитүү маселелери коюлду.

2015-2019-жылдар үчүн отчеттук докладды шааркомдун төрайымы Ж.Рысмамбетова, текшерүү комиссиясынын отчетун Ч.Ибрагимова жасады.

Отчет боюнча жарыш сөздөргө №2 орто мектептин мугалими, делегат Шамшиева Ж, №3 Токтогул атындагы орто мектептин директору, делегат Токтосунова Г., №7 “Солнышко” балдар бакчасынын башчысы Маатова З., шаардык билим берүү бөлүмүнүн финансы башчысы Кожубекова Ш. чыгып сүйлөштү.

Алар шааркомдун отчеттук мезгилде жүргүзгөн иштерин “канааттандырарлык” деп баалашты.

Шааркомдун отчеттук мезгилдеги иши “канааттандырарлык” деп табылгандыгына байланыштуу кийинки мөөнөткө Ж.Рысмамбетованын талапкерлиги сунушталып, төрайымдык кызматка делегаттардын 17 добушу менен кайрадан шайланды.

Ошондой эле шаардык текшерүү комиссиясынын, шааркомдун жана президиумдун курамы шайланды.

Шаардык конференциянын ишине Көк-Жаӊгак шаардык мэриясынын кызматкери Садыкова К., профсоюздун Жалал-Абад обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматовдор катышышты.

Конференциянын соӊунда сөз алган А.Бегматов делегаттардын суроолоруна, ой-пикирлерине ынанымдуу жоопторду берди.

Аймактарды санариптештирүү жылында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин иштиктүү жетекчилиги менен облуста, районшаарларда алгылыктуу иш аракеттердин жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп, жаӊы курамга мындан ары жигердүүлүк менен иштөө керектигине басым жасады.

Конференциянын жүрүшүндө делегаттар тарабынан айтылган  сын-сунуш пикирлер боюнча атайын иш-чара түзүлүп, аткарылышы бардык баштапкы уюмдарга жеткирилиши керек экендигине токтолду.

 

 

М.Абдыкадырова 

обкомдун пресс-катчысы