Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

Жалал-Абад шаарынын окуучулары Эл аралык олимпиадаларда!

Жалал-Абад шаарынын окуучулары Эл аралык олимпиадаларда!

Турция мамлекетинин Анталия шаарында 2019-жылдын 27-октябрынан таптып 4-ноябрына чейин болуп өткөн XI эл аралык предметтик олимпиадага Жалал-Абад шаарынын М. Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 10 окуучусу катышып келишти. Окуучулар 9 предмет боюнча күч сынашты.

 11.11.2019      533       Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун билим берүү мекемелеринде Искак Раззаковдун туулган күнү белгиленди

Лейлек районунун билим берүү мекемелеринде Искак Раззаковдун туулган күнү белгиленди

Райондун билим берүү мекемелеринде белгилүү коомдук ишмер Искак Раззаковдун туулган күнү ар кандай майрамдык, спорттук иш чаралар, ачык сааттар  уюштурулуп белгиленди.   Мисалга алсак, Кулунду айыл аймагындагы Искак Раззаков атындагы орто мектебинде райондун окуучуларынын арасында кыргыздын улуттук “Тогуз коргоол” оюну боюнча райондун биринчилиги Раззаковду эскерүү, туулган күнун белгилөө, өспүрүм балдар арасында оюнду кеңири жайылтуу жана өркүндөтүү, окуучулардын достугун чыңдоо, ынтымакка чакыруу максатында өткөрүлүп, мелдешке төрт бала, төрт кыздан турган командалар катышып, жыйынтыгында балдар жана  кыздар командасынан  Раззаков атындагы орто мектебинин окуучулары биринчи орунду камсыздай алышты.

 11.11.2019      547       Кесиптик бирлик региондордо

ДНИ ИСТОРИИ И ПАМЯТИ ПРЕДКОВ

 ДНИ ИСТОРИИ  И ПАМЯТИ ПРЕДКОВ

7 и 8 ноября объявлены в Кыргызстане официальными праздничными Днями истории и памяти предков, о чем соответствующий Указ подписал президент Республики 26 октября 2017 года.    До начала 1990–х годов 7 ноября — День Великой Октябрьской Социалистической революции — был главным праздником Советского Союза (в состав которого входила Киргизская ССР), и отмечали его в СССР целых два дня — 7 и 8 ноября. Все эти годы День 7 ноября — «красный день календаря» — отмечался военным парадом и демонстрацией трудящихся на центральной площади, площадях областных городов. Но история праздника закончилась с распадом СССР.

 06.11.2019      1203       Маалыматтык бюллетень

«Жаш профсоюз лидерлери-татыктуу эмгек үчүн»

           «Жаш профсоюз лидерлери-татыктуу эмгек үчүн»

2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылынын алкагында 2019-жылдын 5-ноябрь күнү Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан «Жаш профсоюз лидерлери-татыктуу эмгек үчүн» деген темада райондун мектептериндеги жана бала бакчаларындагы жаш профсоюз лидерлери, жаӊыдан шайланган профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдары үчүн райондук деёгээлдеги семинар өткөрүлдү. Семинарды Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов ачып, профсоюздар жана алардын ишмердүүлүктөрү жөнүндө семинардын катышуучуларына кенири маалымат берди. Семинардын күн тартибиндеги «Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун укуктары жана милдеттери», «Лидерлик жана оратордук сапаттын өзгөчөлүктөрү», «Профсоюздук кызматкердин этикасы» жөнүндө, «Кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн негизги укуктары жана милдеттери» деген темалар боюнча материалдар Өзгөн РПКнын инспектору А.Бөлөкбаев тарабынан слайд аркылуу көрсөтүлүп, түшүнүк берилди.

 06.11.2019      620       Кесиптик бирлик региондордо

Круглый стол «Социальные преобразования через активное вовлечение Профсоюзов в Европейскую и Международную политику»

Круглый стол «Социальные преобразования через активное вовлечение Профсоюзов в Европейскую и Международную политику»

Председатель ЦК профсоюза работников образования и науки КР – Асылбек Токтогулов и председатель Иссык-Кульского райкома профсоюза – Урбаев Улан приняли участие в работе круглого стола «Социальные преобразования через активное вовлечение Профсоюзов в Европейскую и Международную политику», который прошел 28-30 октября 2019г в Тбилиси ( Грузия) В этом мероприятии приняли т участие представители профсоюзов работников образования стран Восточной Европы и СНГ, которые поделились опытом и разработали основы для общего стратегического подхода. За круглым столом будут обсуждаться следующие темы:

 06.11.2019      746       Эл аралык кызматташтык

“Саякбай Манас айтканда”

“Саякбай Манас айтканда”

Улутубуздун сыймыгы болгон улуу “Манас” эпосу кылымдан-кылымга, укумдан –тукумга, атадан-балага сакталып келе жатат. Анткени “Манас” кыргызды кылымдар бою өзүнө таанытып, тарыхтын кыйын кездеринде да элдин башын бириктирип дем берген касиеттүү кудурет күч. Мына ушул касиеттүү кудурет күчүбүз, улуу эпосубуз- эне-тилибиздин алтын казынасы десек жаңылышпайбыз. “Манас” “Өнөр алды кызыл тилдин” же болбосо “Тилим кыргыз, урааным Манастын” эң жогорку үлгүсү. Ушул эпостун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тил мыйзамынын кабыл алгандыгынын 30 жылдык маарекесине карата уюштурулган кыргыз тилинин өркүндөп өнүгүүсүнө теңдешсиз салымын кошкон эл уулу Саякбай Каралаевдин 125 жылдык салтанатына арналган “Саякбай Манас айтканда” деген темадагы адабий көркөм музыкалык иш- чара болуп өттү. “Өзгөнү унутсам да, өздүгүмдү, ата-тегимди, тилимди, дилимди унутпайм” деген ураанды бекем туткан Камбарова Саткын эжеке жана кыргыз тили жана адабияты мугалимдери жетектеген иш-чара.

 06.11.2019      558       Кесиптик бирлик региондордо

Туӊгуч президент А.Орозбеков балдардын жүрөгүндө

Туӊгуч   президент   А.Орозбеков    балдардын  жүрөгүндө

Кадамжай   районундагы   Орозбеков  айыл  аймагындагы  «Ак-Тилек-2»  балдар  бакчасында  А.Орозбековдун  130   жылдыгына  карата  «Тунгуч   президент   А.Орозбеков    балдардын  жүрөгүндө»   аттуу   иш   чара  өтккөрүлдү.  Иш  чарага  айыл   өкмөттүн  орун  басарлары,   Кадамжай  райондук  Билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы  Ж.О.Гайбуллаев,  Билим  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун   Кадамжай   райондук   комитетинин  төрагасы   А.Момошов, Билим  берүү  бөлүмүнүн  методисттери  жана  тарбиячылыр  катышты. Иш  чара Кадамжай  райондук  профсоюз  комитетинин  демилгеси  менен   жогорку  денгээлде  өттү.

 06.11.2019      604       Кесиптик бирлик региондордо

Ала-Бука районунда жаӊы кичи футбол сарайынын ачылышы болду

Ала-Бука районунда  жаӊы кичи футбол сарайынын ачылышы болду

Ала-Бука районунда 31-октябрь күнү жаштар үчүн жаӊы кичи футбол сарайынын ачылышы болду.Кичи футбол сарайын райондун жеке ишкери Парпиев Таалай өзү каржылап ишке берди. Ачылуу аземинде райондук администрациядан, жергиликтүү кеӊештен, райондогу аксакалдардан,мекеме уюмдардан өкүлдөр куттукташып мындан ары ушул спорт залда машыккан жаштарга ийгилик терди каалап өтүштү. Райондун айылдарынан командалар келип кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү мелдешке билим берүү тармагынан да бир команда катышып жыйынтыгында экинчи байгелүү орунду камсыздады. Жыйынтыгында Ж.Дурусалиев 35 жашка чейинки спорттук иш чаралар көп өткөрөлүп жүргөн болсо бүгүн кичи футбол боюнча биринчи жолу өткөнүнө токтолуп мындан ары үзгүлтүкө учурабай жылына бир жолу ушундай иш чара унтылса деген сунушун берип ийгиликтерди каалады.

 06.11.2019      503       Кесиптик бирлик региондордо

Бакай-Ата районунда баштапкы профсоюздук комитеттин төрагалары менен профсоюздук-уюштуруу иштери багытында семинар өткөрүлдү

 Бакай-Ата районунда баштапкы профсоюздук комитеттин төрагалары менен  профсоюздук-уюштуруу иштери багытында семинар өткөрүлдү

Бакай-Ата районундагы Жунусов атындагы орто мектебинде тармактык баштапкы профсоюздук комитеттеринин төрагалары менен «баштапкы уюмдарда профсоюздун-уюштуруу иштери» деген темада семинар уюштурулуп, 28-октябрь күнү өз ишин семинар 10.30 да баштап, 16.30 да аяктады.Семинардын ишине КР Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин башкы укук жана эмгекти коргоо инспектору Б.М. Кадыркулов, Профсоюздун Кара-Буура райкомунун төрайымы Абдыжапарова Р.М., Профсоюздун Бакай-Ата райкомунун төрагасынын милдетин аткаруучу Н.Солпиев, Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Н.Сманова, жетектөөчү адиси Н.Сулайманкулова жана Бакай-Ата райкомунун казначейи В.Орозовалар катышышты. Семинарда Б.Кадыркулов слайд менен кеңири түшүндүрмө берип өткөрдү. Семинарда Б.Кадыркулов өзгөчө профкомдун алдындагы комиссиялардын иштерине, профкомдордун мүчөлөрүнүн мыйзамдык укуктары менен милдеттерине, профкомдун иш пландарын түзүү жана аткарылышына токтолду.

 04.11.2019      545       Маалыматтык бюллетень

Конкурс жыйынтыкталды

Конкурс жыйынтыкталды

Мамлекеттик, партиялык саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Усубалиев Турдакун Усубалиевичтин 100 жылдыгына карата Кочкор районундагы мектептерде эмгектенген мугалимдердин арасында улуу инсандын ѳмүр таржымалынан алынган кыска сценкаларды коюу боюнча конкурстун финалдык туру жыйынтыкталды.

 04.11.2019      485       Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун “Кара-Булак” орто мектебинде "Көркөм өнөр педагогдордун колу менен" атуу семинар өткөрүлдү

Лейлек районунун “Кара-Булак” орто мектебинде

2019- жылдын 26- октябрында Лейлек районунун "Кара-Булак" орто мектебинде "Көркөм өнөр педагогдордун колу менен" аттуу райондук семинар болуп өттү. Семинардын максаты жаш мугалимдерге илимий - теориялык, усулдук жардам көрсөтүү.

 04.11.2019      616       Кесиптик бирлик региондордо