Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Санариптештирүү менен мугалимдердин эмгегин жеңилдетүүгө жетишели!

2019-жылдын  14-декабрында  “Региондорду өнүктүрүү  жана  өлкөнү санариптештирүү  жылында  Майлуу-Суу шаарынын билим берүү  кызматкерлеринин эмгегин  жеңилдетүүгө  жетишебиз!”   темасында  облустук  семинар шаардын  №2  орто  мектебинин  базасында  өткөрулдү.          

Семинарга билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук  комитетинин  төрагасы  А.А.  Исмаилов,  обкомдун  жооптуу  кызматкерлери  А.Айдаров,  З.Сулайманов, Таш-Көмүр, Көк-Жаңак  шааркомдорунун   төрагалары, Ноокен райкомунун  инспектору, жаштар  кеңештеринин  төрагалары, мектеп директорлору,  баштапкы  профсоюздук  уюмдарынын  төрагалары  катышты.

Семинар  катышуучулары  Майлуу-Суу шаарынын тарыхын  чагылтырган музей  менен  таанышуудан  башташып, музейде шаардын  көп  тарыхий  материалдары  жана  экспонаттары  жыйналып,   балдарды тарбиялоого    чоң  көмөк  болуп  жаткандыгына  күбө болушту.

Семинар  мектептин  чогулуштар  залында  уланып,  “Региондорду өнүктүрүү  жана  өлкөнү санариптештирүү  жылында  Майлуу-Суу шаарынын билим берүү  кызматкерлеринин эмгегин  жеңилдетүүгө  жетишебиз!”   темасында мектептин  директору-Балтабаева Ж.З, профкому-Осмонова Э.И, окуу бөлумүнүн  башчысы-Кулиева Ч.Ж., уюштуруучу-Войтенкова Т.В  мугалимдердин  эмгегин санариптештирүү  менен кантип жеңилдетүүгө шарттарды  түзүп  жаткандыктары  жөнүндө  слайддар   менен  маалыматтар  беришти.

Семинардын жүрүшүндө обкомдун  төрагасы А.А.Исмаилов   сүйлоп, мугалимдердин социалдык-экономикалык  маселелерин  чечүүдөгү  аткарылып  жаткан  иштер,  алдыдагы  милдеттерге  токтолуп,  Майлуу-Суу  шааркомунда  алгиликктуу  иштер  болуп  жаткандыгын белгиледи.   Алдынкы  социалдык  өнөктөштөргө обкомдун  “Ардак  Грамотасын “ тапшырыып,  шаардык  кесиптештерди  жаңы  2020-жыл  менен  куттуктады.

Обкомдун  инспектору А.Айдаров жамааттык  келишимдер,  макулдашууларды аткарылышын   камсыздоо  менен   мугалимдерге  мыйзамдык  жеңилдиктерди  түзүү  боюнча  маалыматтарды  баяндады.    

Семинар химия  кабинетинде Азизханова Р.Ш.   тарабынан   даярдалган видио  сабакти   талкуулоо   менен   жыйынтыкталды.  Семинардын  катышуучулары  мектептин  жамаатына, шаардык  комитетке ыраазчылыктарын  билдирип, иштерине  ийгиликтерди  каалашты.

 

Материалды  даярдаган: 

Обкомдун  инспектору

А.Айдаров