Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондо семинар – тренинг өткөрүлдү

Жалал – Абад областына караштуу Сузак районунда бүтүрүүчүлөрдү жалпы республикалык тестирлөөгө жана окуучуларды предметтик олимпиадаларга даярдоого карата № 2 Дома – Ата атындагы жалпы орто билим берүүчү мектептин базасында окуу- тарбия иштери боюнча директордун орун басарларына райондук семинар- тренинг өткөрүлдү.

Семинар – тренингде жогорудагы маселелер боюнча иштерди уюштуруу , аны көзөмөлдөө жана ата- энелер менен бирдикте иш алып баруу ,кошумча билим берүү боюнча жүргүзүлүүчү иштер жөнүндө кенири талкуу жүргүзүлүп, келечектеги милдеттер белгиленди.

Семинардын ишине райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т . Усенов, профсоюздун райкомунун кызматкери Э.Аназаров катышты.

 

Материалды даярдаган:

 Сузак ПРКнын кызматкери

Э.Аназаров