Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИ – сапаттуу билим берүүгө карай...

 Окутуучулар МОСКВАДА өз билимдерин жогорулатышууда. Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун 18 окутуучусунан турган профессордук курам Россия жергесиндеги эл аралык университеттерде өз билимдерин жогорулатышууда. Бул тууралуу ОГПИнин сырткы байланыштар жана инвестиция тартуу департаменти маалымдайт.

Маалыматка ылайык аталган иш сапарга ОГПИнин эл аралык байланыштар боюнча тиешелүү келишимдеринин негизинде окуу жайдын Информатика жана жаны маалыматтар технологиясы, Орус тилим жана адабияты, Англис тили жана аны окутуунун усулу  кафедраларынын окутуучулары жана ОГПИнин окуу бөлүмүнүн адистери жөнөтүлгөн.

Квалификацияны жогорулатуу максатында барышкан профессордук курам Москвадагы А.С.Пушкин атындагы Мамлекеттик орус тил институтунда жана Орус элдеринин достугу университетинде эки жумалык атайын курстан өтүшмөкчү. Мында катышкан профессордук курам билим беруу жана илим изилдөөдө электрондук маалыматтар менен иштөөнүн заманбап компетенциялары жана чет тилдерин окутуудагы эл аралык жаңы стандарттар тууралуу билим алышат.

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу