Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кайра ишеним көрсөтүлдү

Жыл жаңырып, Баткен шаарында жакшы саамалыктар болду.     Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун  Баткен шаардык  комитетинин  отчеттук  кайра шайлоо  конференциясы   2020-жылдын 9-январында  өткөрүлдү. Конференцияга  Били,илим кызматкерлеринин  профсоюзунун  Баткен облустук комитетинин  төрагасы  З.Н.Бөтөков, Баткен шаардык кенешинин  төрагасы  А.А.Ташбеков, шаардын вице мэри  И.Т.Рыскулова, Областтык профсоюз комитетинин  тех.инспектору  К.Акимов  жана башкалар  катышты.

Конференцияда   Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун  Баткен шаардык  комитетинин төрайымы  Калыкова  Мактым  Мамасалиевна  2015-2019-жылдарда  комитеттин  аткарган  иштери  жөнүндө  чакырылган  конокторго жана   делегаттарга  толук  маалыматтарды  слайд  менен  көрсөтүп, айтып  берди. Конференцияда  комитеттин  текшерүү  комиссиясынын  төрагасы  Т.Намазовдун отчеттук  мезгилде аткарылган иштери боюнча  доклады  угулуп, делегаттар  тарабынан жактырылып, бекитилди.  Сүйлөгөн  мектеп жетекчилери  Г.Ысманова, И.Сатыбалдиева, баштапкы  профсоюз уюмдарынан  келген  делегаттар  А.Исакова, М.Бегалиевалар   комитеттин  аткарган  иштеринин  алгылыктуу  экенин  баалап, отчеттук мезгилде  Баткен шаардык  профсоюз комитетинин  аткарган  иштерине  жакшы бааларын беришти.

Конференцияда  отчеттук  мезгилде  Баткен шаардык  комитетинин  аткарган  иштерине жакшы баа берилип, текшерүү комиссиясынын доклады бекитилип, комитеттин  жаңы курамы  шайланды. Катышкан делегаттардын  ачык добуш берүүсү менен  бир добуштан  билим берүү  кызматкерлеринин  профсоюзунун Баткен  шаардык  комитетинин  төрайымы  болуп  Калыкова  Мактым  Мамасалиевна  кайра  шайланды.      

 

Материалды даярдаган:

Калыкова Мактым