Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен райкомунун алдындагы жаштар кеңешинин ийгили

2020-жылдын 17-январь күнү Жогорку Кеңештин имаратында Жарандык Идеалар Фонду тарабынан Жогорку Кеңештин алдында уюштурулган “Жаштар парламенти-2020” депутаттарынын мандатын тапшыруу жана төш белгилери менен сыйлоо иш чарасы өткөрүлдү.                 

Бул иш-чарага Ноокен районундагы №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинин директору, Ноокен райкомунун алдындагы жаштар кеңешинин төрагасынын орун басары Уметов Уланбек катышып келди.  Ал 2020-жылдын “Жаштар парламентине” депутат болуп шайланган.

“Иш-чарага Жогорку Кеңештин вице-спикери А.Касымалиева, Жогорку Кеңештин депутаттары А.Алтыбаева, А.Исмаилова, А.Мамашова жана А.Нурбаевдер катышышты. “Жаштар парламентинде мыйзамдардын даярдалуусу, депутаттардын ишмердүүлүгү, сессиялардын жүрүшү боюнча кеңири маалымат ала алдым. Бизге бул долбоор саясатты жакындан таанууну үйрөтүүдө жана ал жактан алган билимдерибизди жер-жерлерде жайылтуу максатында иш чараларды уюштурабыз” деп токтолду У.Уметов.

“Жаштар парламенти-2020” депутаттары өзүнүн курамынан спикерди, вице-спикерлерди жана Өкмөттүн курамын түзүштү. Комитеттер түзүлүп, комитеттерде демилгелер каралып жатат. Буйруса комитеттерде каралган маселелерди Жаштар Парламентинде карап, Жогорку Кеңешке сунушталат жана тиешелүү мамлекеттик кызматтагылар менен бирге иш алып барышат.

Жаңыдан шайланып келген “Жаштар Парламенти – 2020” депутаттарынын иштерине ийгиликтерди каалайбыз.

 

Материалды даярдаган:

Ноокен райкомунун алдындагы жаштар

 кеңешинин төрагасы  Т.Бакиров