Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитети жыл жыйынтыгын чыгарды

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитети 2019-жылдын 25-декабрында жыйынтыктоочу президиумун өткөрүп, аткарган иштери боюнча маалымат берилди.Ошондой эле Жаштар кеңешинин төрагасы Дайырбек уулу Манас жыл бою жаштар менен биргеликте алып барылган иш-чаралар боюнча кеңири баяндама жасалды.

Президиумда төмөнкү маселелер каралды:

  1. 2019-2020-окуу жылында аткарылган иштерге анализ берүү
  2. 2020-жылдын иш планын бекитүү
  3. Президиумдун жаңы курамын бекитүү
  4. Жаштар Кеңешинин иш планын кароо
  5. Массалык маалымат каражаттары менен иштөөнүн натыйжалуулугу
  6. Ар түрдүү маселелер 

Президиумдун жүрүшүндө айрым башатапкы профсоюз уюмдарынын башчылары алмашып кеткендигине байланыштуу комитеттин курамына өзгөртүү киргизилди.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитетинин 2019-жылы аткарган иштерине (сайттар менен иштөө, маданий иш-чараларды өткөрүү,социалдык-укуктук маселелр менен иштөө,арыздарга өз убактысында жооп берүү жана эс алууларды туура уюштурууда) “Канаааттандырарлык” деген баа берилди.

Жыйынтыгында 2020-жылга карата Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитеттин иш-планынын негизинде тузүлгөн жаңы жылдык планы жактырылып кабыл алынды.

 

Материалды даярдаган: 

  Э.Ж.Эгизалиева