Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда кесип бирлик мүчөлөрү жаңы жылды тосушту

Аксы районундагы Н.Мамбетов мектебинин кесип бирлик мүчөлөрү кирип келаткан жаңы жылды тосушту. Райондук профсоюз комитети тарабынан берилген профвызнос, айылдагы демөөрчүлөр тарабынан берилген акча каражаты, салтанатты өткөрүүгө жумшалды. Мугалимдер чакан концерттик программа даярдашып, тартуулашты.

Кирип келе жаткан жаңы 2020-жыл тынчтыктын, токчулуктун, жылы болсун. Иштерибизге талыкпаган эмгек, ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалап мектеп директору сөз сүйлөдү.

Мектептеги окуучулар үчүн балаты майрамы уюштурулду. Социалдык жардамга муктаж болгон окуучулар үчүн,акимдин арча майрамы уюштурулду. Республика боюнча кесип бирлик мүчөлөрүн жаңы жылы менен куттуктап кетем.

 

Материалды даярдаган:

Наргиза Тотоева