Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Санарип дүйнөдө жана бизде

2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн тарабынан жыл ичинде аткарылган иштерди жыйынтыктоо, мугалимдердин, усулдук бирикме жетекчилеринин компьютердик сабаттуулугун, техникалык каражаттар менен иштөөсүн өркүндөтүү, чыгармачылык деңгээлин, адистик чеберчилигин арттыруу, өз алдынча изденүүчүлүгүн өстүрүү максатында  "Санарип  дүйнөдө жана бизде" аталышындагы конференция болуп өттү.

Анда Ноокен районунун акими Э.Маматаев, орун басары З.Юлдашева, Ноокен районунун прокурору З.Джумабеков, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.Борбиева, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов, райондогу билим берүү мекемелеринин директорлору, жаштар катышышты. 

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Г.Андарова “Санариптештирүү райондогу билим берүү тармагында” темасында презентация жасап, анда райондогу балдар бакчаларында уюштурулган электрондук кезек, мектеп жана балдар бакчаларында орнотулган видеокөзөмөл, окуу китептер жана аларды электрондук форматка өткөрүү, иш кагаздарын электрондук форматта жүргүзүү, маалыматтарды жарыялоо жөнүндө, инновациялык мектеп катары заманбап технологиялар менен толук камсыздалган мектептер жөнүндө, ошондой эле райондогу бардык мектептер үчүн “Акылдуу мектеп” жана  “Электрондук күндөлүк” долбоорлору сунушталып, учурда 6 пилоттук мектепте ишке ашырылып, иштеп жаткандыгын айтып өттү.

Конференциянын жүрүшүндө 9 айыл аймактан келген мугалимдердин аткарган иштеринин жыйынтыгы чыгарылып, калыстар тобу тарабынан бааланды.

Жыйынтыгында №13 Рахманжан атындагы орто мектебинин информатика мугалими Кубатов Нураалы “Санарип - заман талабы” темасында жасаган презентациясы менен   I орун, № 28 Ч. Айтматов атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Салимжанова Күмүшай II орун,  №6 “Арал” атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Тухтаева Ёркинай “Санариптештирүү дүйнөдө жана бизде” темасы менен    III орунду ээлешти.

Жеңүүчүлөргө Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан диплом жана баалуу белектер тапшырылды.

Материалды даярдаган:

Ноокен райКБКнын инспектору

Т.Бакиров