Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өнөктөштүк өркүндөөдө

2019-жылдын 17-декабрь күнү  Өзгөн районундагы  Төрт-Көл айыл өкмөтү тарабынан  айыл өкмөттүн  аймагында жайгашкан мектептерге  2019-2020-окуу жылында окуу жайды жаӊы бүтүп келип педагогикалык эмгек жолун баштаган жаш адистерге жергиликтүү каражаттын эсебинен жөлөкпулдар берилди.

Жаш адистерге жөлөкпул тапшыруу салтанатына Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Эсенбаев, Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик  комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов жана мектеп директорлору катышты. Эмгек жолун жаӊы баштаган Т.Асранов атындагы орто мектебинин физика мугалими Маматали кызы Жумагүлгө, Ж.Даликулов атындагы башталгыч мектебинин башталгыч класс мугалими Тешебаева Шахнозага жана Ж.Маматжанов атындагы орто мектебинин  математика мугалими Мурзабекова Анарага  Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Эсенбаев тарабынан жөлөкпулдар тапшырылды жана  педагогикалык ишине чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле өнөктөш  Төрт-Көл айыл өкмөтү тарабынан Т.Асранов атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Жакыпова Кадыйчага өнөктөштүктү өнүктүрүүдөгү алып барган алгылыктуу иш-аракеттери үчүн Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыгы  менен сыйлады.

Салтанатка катышкан билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов өзүнүн жыйынтыктоо сөзүндө жаш адистердин педагогикалык ишине ийгиликтерди каалап, мугалимдерге көрсөткөн социалдык колдоолору үчүн Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн  башчысына жана айылдык Кеӊешке райондук профсоюз комитетинин атынан ыраазычылыгын билдирди.

Мектеп директорлорунун атынан жаш адистерге социалдык колдоолорду көрсөткөндүгү үчүн Т.Асранов  атындагы орто мектебинин директору Б.Көчкөнбаева айыл өкмөтүнө жана райондук профсоюз комитетине ыраазычылыгын билдирди.

 

Материалды даярдаган:

Өзгөн    РПК.