Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЭРТЕҢКИНИ ОЙЛОСОК, АНДА БАЛДАРБЫЗГА КАМ КӨРӨЛҮ!

Ош гуманитардык - педагогикалык институтунда эмгектенген жалпы эмгек жамааттын жаш балдарына жана неберелерине арналып, окуу жай жетекчилиги тарабынан жаңы жылдык балаты уюштурулду.

Аталган майрамдык кечеге ОГПИнин ректору, профессор Бекмурза Зулуев баштаган ректорат жамааты, окутуучулар жана административдик чарба кызматкерлери өз балдары менен катышышты. Иш чара оюн - зоок, жомоктор жана ыр-бийлер менен коштолуп, жаш жеткинчектерге жогорку маанайдагы балаты тартууланды. Мында аяз ата, аяз кыз жана балдар үчүн өзгөчө кызыгууну жараткан түрдүү жаныбарлардын катышуусунда таасирдүү жомоктор аткарылып, катышуучулар арасында жаңы жылдык мыкты маанай жарата алышты. Кеченин соңунда окуу жай жетекчилиги жана профсоюз комитети тарабынан аяз атанын белектер, таттуулар ырасталып, бардык жеткинчектерге тапшырылды.

 

Материалды даярдаган:

Жылкычы уулу Кубанычбек