Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Атам, апам жана мен” үй - бүлөлук спорттук оюндар аркылуу ата - эне- мугалим - окуучу байланышын чыңдайбыз аттуу иш-чара

Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-сай шаарчасында жайгашкан  № 2 К.Кенжекулов жалпы билим берүүчү орто мектебинде   8-январь күнү спорттук иш-чара өткөрүлдү.  Бул иш-чаранын негизги максаты:

  • Жаш өспүрүмдөрдүн ден соолугуна кам көрүү
  • Мугалим-ата-эне байланышын чыңдоо
  • Окуучулардын бош убактыларын максаттуу пайдаланууга үгүттөө

Бул мелдеште негизинен башталгыч класстары катышып,активдүү катышкан жана жеңүүчү деп табылган үй-бүлөлөр мектептин Ардак грамоталары жана демөөрчүлөрдүн баалуу сыйлыктары менен ал эми балдар  “Кыргыз эл жомоктору”аттуу китепчелер менен сыйланышты. Жалпы ата-энелер уюштуруу комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Материалды даярдаган:

Э.Ж.Эгизалиева