Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Борбордук Комитеттин төрагасы А.Токтогуловго ИИМСИнин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды

2019 - жылдын  25 - декабрында Жалал - Абад   шаарындагы Илимий -  изилдөө Медициналык - Социалдык Институтунда Билим  жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулович менен жамааттын жолугушуу иш-чарасы болуп  өттү.

Иш-чаранын  1 - бөлүгүндө меймандарды институттун Президенти  экономика илимдеринин кандидаты, доцент Арынбаев Жаңыбай Токоевич, институттун ректору, физика-математика идимдеринин доктору, Куштарбек Бекмуратович Тампагаров жана жамааты  менен тосуп  алышты. Институттун Президентинин жумуш бөлмөсүндө жамаат жөнүндө меймандарга кыскача маалымат  берилип, институтка эстелик  белектер тапшырылды.

Иш-чаранын 2-бөлүгү жаңы  технологиялар борборунда улантылып, Билим  жана  илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети жана “Жамал” Медициналык Борбору тарабынан  аткарылган  иштер жөнүндө маалыматтар слайддар менен  берилди.

Институттун Президенти  экономика илимдеринин кандидаты, доцент Арынбаев Жаңыбай Токоевич илимий кеңештин чечимине ылайык Билим  жана  илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы, педагогика  илимдерин кандидаты, профессор А.Токтогуловго жана “Жамал” Медициналык Борбордун жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты,доцент Ормонова Жамал Аккозовнага “Ардактуу профессор” наамын ыйгарылгандыгын жарыялап, дипломдор салтанаттуу  тапшырылды.

“Ардактуу профессорлор” сөз  сүйлөшүп, жамаатын  ишине  ийгиликтерди  каалашып, ыраазычылыктарын   билдиришти.

3-бөлүгүндө меймандар институттун окуу-материалдык базасы менен  жана  жаңы  курулуп  жаткан имарат  менен жакындан таанышышты.

Илимий- изилдөө медициналык-социалдык институту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасын ишке ашыруу багытында аймактык билим берүү чөйрөсүндө, эл аралык кызматташтыктын негизинде Жалал-Абад шаарында Илимий-изилдөө медициналык-социалдык институту - Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы калктын ден-соолугун жакшыртууга, ошол аймактагы көп таралган ооруларды жакшы билген жана айыктыра алган дарыгерлерди даярдоо максатын көздөп ачылган.

Ачылган институттун тарыхына кайрыла турган болсок, анда илимий изилдөө медициналык-социалдык институту бир нече демилгелүү инсандардын аракетинде ишке ашты.  Аймактагы жигердүү инсандар жаңы окуу жайды түптөп, жумуш орундарын түзүп жана аймактын экономикасына өз салымын кошууга шарт жаратышты. Алардын атын атай турган болсок, кыргыз журтчулугуна белгилүү окумуштуу, экономика илимдеринин доктору, профессор  К.Ш.Токтомаматов, экономика илимдеринин доктору, профессор А.А.Мамасыдыков, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Ж.Т.Арынбаев жана ишкерлер М.А.Зулпукаров, М.Ш.Шохид, Нур Мухаммад. Дүйнөлүк деңгээлде инсанияттын саламаттыгын сактоодо жогорку сапаттагы кесипкөй кадрларды даярдап, медициналык жактан калкты тейлөөнү жакшыртууну көздөгөн.

Алгачкы учурларда уюштуруу жана  расмий мыйзамдаштыруу жумуштары жүрдү. Белгилей кетсек, Илимий - изилдөө медициналык-социалдык институтунун Уставы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги тарабынан, ИИМСИнин негиздөөчүлөрүнүн чечимине ылайык 1-март 2016-жылы катталган. Жогорудагы каттоонун негизинде 20-июнь 2016-жылы ГПЮ 0022119 номерлүү мамлекеттик күбөлүк алынган. КР Салык инспекциясынын Жалал-Абад шаарындагы башкармалыгынан, Социалдык фондунан жана статистикалык бөлүмүнөн каттоодон өткөн.

2016-жылдын 1-мартынан 2018-жылдын августуна чейин Арынбаев Жаңыбай Токоевич ректор болуп дайындалган. Анын демилгеси менен жакынкы жана алыскы чет элдик жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Окуу жайларга лицензияларды берүү жана аккредитациялоо мамлекеттик инспекциясы тарабынан төмөндөгү лицензиялар алынган:

5 жылдык окуу мөөнөтү менен “Дарылоо иши” багыты боюнча 2017-жылдын 29-ноябрындагы КР Билим берүү жана илим министрлигинин №1477/1 буйругунун негизинде №LD170001552 лицензиясы мөөнөтсүз 750 контингент менен күндүзгү бөлүмгө берилген. 6 жылдык окуу мөөнөтү менен 560001 “Дарылоо иши” багыты боюнча 2017-жылдын 10-февралындагы КР ББИМнын “165/1 буйругу менен № LD170000036 лицензиясы 150 контингентке, ал эми 2019-жылдын 9-августундагы КР ББИМнин № 962/1 буйругунун негизинде 650 контингент менен күндүзгү бөлүмгө берилген. Ошондой эле 2019-жылдын 7-июнунда “Билим берүү программаларын, уюмдарын аккредитациялоо” агенттиги (ББПУА) тарабынан Институтционалдык аккредитация жөнүндөгү № VII90000011 сертификаты алынган. Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмуна 2017-жылы  № ID: F0006117 менен катталып, эл аралык деңгээлдеги мааниге ээ болду.

2018-жылдын август айынан 2019-жылдын октябрь айына чейин б.и.к., доцент Шамшидин Шабидинович Нурдинов жетектеген. Окуу бөлүмүнүн башчылыгына ага окутуучу А.А.Дороев, Табигый-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы тех.и.к., доцент Р.Н.Орозов, Жалпы медициналык дисциплиналар кафедрасынын башчылыгына Ph.D М.Б.Жуманалиевалар дайындалган. 2019-жылдын январь айынан баштап, Окуу иштери боюнча проректорлук кызматка тех.и.к., доцент Р.Н.Орозов дайындалгандыгына байланыштуу ТГД кафедрасын жетектөөгө ага окутуучу Т.К.Нарымбетов бекитилген. Мамлекеттик тил жана социалдык, тарбия иштери боюнча Ж.М.Назаров башкы адис болуп дайындалган.

Ал эми 2019-2020-окуу жылында окуу процессин жакшыртуу максатында билим берүүнүн сапаты бөлүмү штаты ачылып, анын башчылыгына ага окутуучу А.А.Дороев, ал эми окуу бөлүмүнүн башчылыгына Т.К.Нарымбетов, ТГД кафедрасынын башчылыгына ф-м.и.д., доцент К.Б.Тампагаров дайындалган.

2019-жылдын 15-октябрынын баштап ф-м.и.д., доцент Куштарбек Бекмуратович Тампагаров ИИМСИнин ректору болуп дайындалды жана ТГД кафедрасынын башчылыгына т.и.к. В.Э.Анарбекова бекитилди.

Азыркы учурда окуу жайда “Жалпы медициналык дисциплиналар” жана “Табигый – гуманитардык дисциплиналар” кафедралары иштеп жатат. Анда жалпы 76 профессордук – окутуучулук курам эмгектенет. Алар 3 илимдин доктору, 14 илимдин кандидаты, 15 улук окутуучу, 35 окутуучу, 9 үйрөнчүк окутуучу, анын ичинен 7 айкалыштуруучу окутуучу. Ошондой эле Административдик башкаруу кызматкерлери 18, кичи персоналдык кызматкерлер 14.

Бүгүнкү күндө 950 студент окуп жатышат, алардын исинен:  1-курстарда 800, ал эми 2-курстарда 150 студент окушат. Медициналык багыттагы билим алууга жакынкы жана алыскы мамлекеттерден келишкен, мисалы: Пакистан, Индия, Египет, Аравия, Казахстан, Өзбекстан, Тажикстан. Ошондой эле этникалык кыргыздар, лезгин, түркмөн, татар, уйгур, тажик, өзбек улутундагы студенттер билим алышат.

Жаңыбай Токоевич Арынбаевдин жогорку окуу жайда иштеген көп жылдык тажрыйбасы жана өзүнүн күжүрмөн эмгегинин негизинде ИИМСИнин материалдык техникалык базасы мыкты жана заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Студенттердин теориялык билимин практика менен айкалыштыруу максатында Жалал-Абад шаардык оорукананын базасында атайын 8 аудиториядан турган “Окуу-практикалык базасы” уюштурулган. Ошондой эле “Жамал” жана “Жарммухаммед” клиникалары, 4 лаборатория (гистология, медициналык-биология, анатомия, химия), 6 интернет класс, конференциялык жана чоң жыйындар залы, спорт комплекси, ашкана жана китепкана бар. Окуу залында 3068 даана окуу китептер коюлган, анын ичинен 1720 окуу китеп гуманитардык жана 1348 медициналык багытта. 60 миң гуманитардык, 10 миңи медициналык багыттагы электрондук китептер жана 100 видеороликтер электрондук библиотекага киргизилген.

Шаардык, райондук, дубандык, жана Өзбекстан Республикасынын Наманган, Анжиян облустарынын, Ташкент, Самарканд шаарларынын аймактык ооруканалары, медициналык багыттагы окуу жайлары менен студенттерди окутуу, өндүрүштүк практикадан өткөрүү жана жумушка орноштуруу боюнча келишимдер түзүлгөн.

Окуу жайдагы жүргүзүлүп жаткан иш чараларды, окуу процессинин жүрүшү ж.б. жарыялоо жана маалымдоо максатында дүйнөлүк WOODLE системасынын базасында атайын сайт www nimsi.kg ачылып, жаңылыктар үзгүлтүксүз жарыяланып турат.

ИИМСИдеги билим алган студенттер эл аралык стандарттын негизинде  адамдын саламаттыгын сактоо кесибине байланышкан адистиктердин келечеги кең деп эсептешет. Ошондой эле, келечектүү болгон бул кесип  санариптешип, ар тармактуу жана кызыктуу болуп, адамдарга жаштык, өмүр жана ден соолук тартуулоону максат кылышыт.

 

Материалды  даярдаган:

Жалал-Абад  обкомунун  инспектору

А.Айдаров