Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз-бул тирөөчү, колдоочу, мугалимдердин ишеничи!

Таш-Көмүр шаарындагы №7 Кожобек Кузембаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун баштапкы уюмунун башчысынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп өттү.

2019-жылдын 20-декабрында №7 Кожобек Кузембаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин профсоюз уюмунун башчысы Б.Усенова жыл бою аткарылган иштери боюнча маалымат берди.

№7 К.Кузембаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 42 мугалим 12 кенже кызматкер эмгектенет.Окуу жылынын башында түзүлгөн үч тараптуу келишимдин негизинде мугалимдер жумалык сааттар менен камсыздалган.Мектеп администрациясы тарабынан кенже кызматкерлерге шарттар түзүлуп берилген.Ошондой эле мугалимдер үчүн атайын ысык тамак жана эс алуу бөлмөлөрү уюштурулган.

Профсоюз уюму тарабынан иш-план боюнча даталуу күндөргө карата иш-чаралар өткөрүлүп турат.Тактап айтканда юбилярлар,ардаге мугалимдер,материалдык муктаждарга көңүл бурулат.

Жайкы эс алууну жогорку деңгээлде уюштурууга демөөрчүлөрдү тартуу жагы каралган.

Карылар күнүнө карата жамаат менен биргеликте атайын салтанаттуу линейка уюштурулуп,ардагер мугалимдерге концерттик программалар тартууланып,белектер тапшырылды.

Жылдык иш пландын негизинде мектепти жаңы окуу жылына дардоодогу ремонт иштерине,мугалимдердин иш ордуларын,кыш мезгилинде жылуулукту  камсыздоо,мектептин,ашкананын санитардык абалын карап иш алып барылды

Эмгекке жарамсыз баракчалар 13 адам:ар бир бюллетень өз убагында толтурулуп,эмгек акылары төлөнүп берилди.

Жыл жыйынтыгы боюнча 8 адам;анын ичинен кыска мөөнөттөгү Ысык-Көлдөгү эс алууга -5,Сары-Челекке 2 күндүк эс алууга -1, “Жыл мугалими-2019”конкурсунун жеңүүчүсү Э.Сейитбекова “Ысык-Атага” 10 күн обком тарабынан,шаарком тарабынан “Санат”эс алуу жайына эс алып кайтышты.

Жыйындын акырында аткарылган иштер “Канааттандырарлык ” деп табылды.

 

Материалды даярдаган:

Таш-Көмүр шаарындагы №7 К.Кузембаев атындагы жалпы билим берүүчү

орто мектебинин профсоюз уюмунун башчысы  

  Б.М.Усенова