Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун, аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан эгемен өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармактарынын бардык кызматкерлерин, социалдык өнөктөштөрүбүз болуп саналышкан Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин, Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын, айыл өкмөттөрүнүн эмгек жамааттарын Жаңы жыл майрамы менен куттуктаймын.

2019-жылы  Борбордук Комитет тарабынан жарыяланган “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү цифралаштыруу жылынын алкагында райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктарынын жылында” биз өзүбүздүн ишмердигибизди бирден-бир стратегиялык максатыбыз болгон профсоюз  мүчөлөрүнүн социалдык-эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн арнап, бул жаатта бир катар иштерди аткарууга жетишкенибизди сыймык менен айтууга негиздер бар.

Биз жаңырган 2020-жылга арбын милдеттерди иш жүзүнө ашырууну алдыга коюп жатабыз. Алардын арасында билим берүү системасынын кызматкерлеринин аз эмгек акы алышкан  бөлүгүнүн эмгек акыларын көбөйтүү боюнча иштерди улантуу, социалдык өнөктөштөр менен макулдашууларга жана жамааттык келишимдерге профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык кепилдиктерин кеңейтүү багытындагы иш кагаздарын Эл аралык эмгек уюмунун талаптарына шайкеш келтирүү, коопсуз жана ыңгайлуу эмгектенүү шарттарын түзүү боюнча иштерге профсоюздук активди, эмгекти коргоо боюнча коомдук нускоочуларды катыштыруу, тармактык профсоюздун катарына жаштарды тартуу, профсоюздун маалыматтык-телекоммуникациялык  түзүмүн өркүндөтүү, эл аралык профсоюздук кыймылга тилектештик билдирүү жана биригүүнү колдоо сыяктуу олуттуу милдеттер бар.

Урматтуу кесиптештер жана өнөктөштөр! Дагы бир жолу майрамыңыздар менен! Сиздерге бекем ден соолукту, жигердүү күч-кубатты, иштиктүү кызматташтыкты, элибиздин жыргалчылыгы үчүн арналган эмгегиңиздерден зор  үзүр көрүүнү тилек кылам. Бар болуңуздар!

 

Урматтоо менен,

Асылбек ТОКТОГУЛОВ,

Кыргыз Республикасынын билим

 берүү жана илим кызматкерлеринин

профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы

 

 

Уважаемые коллеги!

 

От имени Центрального комитета профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики и от себя лично поздравляю вас с наступающим 2020 годом!

Уходящий год показал, что в единстве и сотрудничестве профсоюзные организации отрасли способны сделать многое.

Мы с вами старались работать так, чтобы члены профсоюза образования и науки республики всегда ощущали нашу поддержку и защиту.

Хочется отметить, что многое из задуманного нами удалась выполнить.

Тем не менее, профсоюзные лидеры умеют объективно оценивать собственную работу. делать необходимые выводы, ставить перспективные задачи.

Убеждён, что Новый 2020 год принесёт нам новые возможности для реализации этих задач!

От всей души хочу пожелать вам профессионального роста, оптимизма и веры в себя!

Пусть в ваших семьях царят мир и взаимопонимание.

Пусть каждый день наступающего года дарит вам свет улыбок и тепло родных и близких вам сердец.

Праздничного вам настроения!

 

Председатель

Центрального комитета профсоюза

работников образования и науки

Кыргызской Республики  

А.Токтогулов.