Кызыл-Кыя шаарында “Манас күнү” белгиленди
2018-жылдын 4-декабрь күнү Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүү мекемелеринде “Манас күнү” белгиленди. Билим берүү мекемелеринде Манас боюнча көргөзмөлөр уюштурулуп, ал көргөзмөлөргө мезгилдүү басылмаларга жарыяланган макалалар, китептер, окуучулардын тарткан сүрөттөрү коюлду.
11.12.2018 715 Кесиптик бирлик региондордо“Айтматовдун мугалими-келечектин кеменгери» аттуу тегерек стол
2018 -жылыдын 4-декабрда Сокулук районунун билим берүү мекемелеринин жетекчилери, кыргыз тил жана адабият мугалимдери менен биргелешип, залкар жазуучу, замандын философу, ойчулу, даанышманы Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата арналган “Айтматовдун мугалими-келечектин кеменгери» аттуу тегерек стол Шопок шаарындагы № 1 мектеп-гимназиясында уюштурулду.
10.12.2018 767 Кесиптик бирлик региондордоПрофсоюз - мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укугун жана кызыкчылыгын коргойт
ЖАМУда бүгүн 10-декабрь - Адам укугун коргоонун Эл аралык күнүнө карата “Эконмика-юридикалык” факультеттин баштапкы профсоюз уюму менен “Укук таануу” кафедрасынын кызматкерлери биргелешип уюштурган облустук деңгээлдеги семинар-конференция өттү. Иш чарага КРнын Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К.Токтобаев, Жалал-Абад шаарынын прокурорунун орун басары, юстициянын III класстагы кеңешчиси М.Ш Осмонов, Жалал-Абад шаарынын адвокатура коллегиясынын төрагасы Ш.Т.Сопубеков жана башка укук коргоо кызматкерлери , ЖАМУнун проффессордук-окутуучулук курамы, профсоюз лидерлери, студенттер катышышты. Иш чарада укук корноо кызматкерлери жана “Юриспруденция” багытында билим алып
10.12.2018 634 Кесиптик бирлик региондордо“Айтматовду окуйбуз” Лейлек районунун М.Баетов орто мектебининде
2018-жылдын 6-декабрь күнү Лейлек районунун Мурзабек Баетов атындагы орто мектебинде “Айтматов жумалыгына” карата жана “Айтматовду окуйбуз” долбоорунун алкагында Маргун айылынын атактуу инсандары окуучуларга Ч.Айтматовдун чыгармаларынан окуп беришти. Сүрөттө айылдын аксакалдар кеңешинин төрагасы Акматалы Ормошов мектептин окуучуларына кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун ата-теги тууралу айтып берүүдө.
10.12.2018 833 Кесиптик бирлик региондордоБиз СПИДге каршыбыз!
Учурда ВИЧ/СПИД бүтүндөй дүйнөлүк коомчулуктун глобалдуу проблемасы болуп саналат. Ал адамзаттын өнүгүшүнө жана коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирүүдө. 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк ВИЧ СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата Ноокен районунун мектептеринде “Биз СПИДге каршыбыз!” аттуу иш-чаралар өткөрүлдү. Мектеп окуучулары тарабынан дубал газеталар чыгарылып, тарбиялык маанидеги көрүнүштөр аткарылды.
10.12.2018 854 Кесиптик бирлик региондордоЖаш адистерге – жөлөкпул
2018-жылдын 7-декабрь күнү Өзгөн районундагы Төрт-Көл айыл өкмөтү тарабынан айыл өкмөттүн аймагында жайгашкан мектептерге 2018-2019-окуу жылында окуу жайды жаӊы бүтүп келип педагогикалык эмгек жолун баштаган жаш адистерге жергиликтүү каражаттын эсебинен жөлөкпулдар тапшырылды. Жаш адистерге жөлөкпул тапшыруу салтанатына Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Эсенбаев, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Өзгън райондук комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов жана мектеп директорлору катышты. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Эсенбаев эмгек жолун жаӊы баштаган жаш адистердин ар бирине 5000 сом өлчөмүндө жөлөкпулдарды тапшырып, педагогикалык ишине чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
10.12.2018 649 Кесиптик бирлик региондордоРоза Айтматова - ЖАМУда
ЖАМУнун структуралык бөлүмдөрүндө жыл башынан бери эле залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган ачык сабактар, көргөзмөлөр, диспуттар, тегерек столдор, чыгармаларынан сахналаштырылган көрүнүштөр жана башка иш чаралар конкурстук негизде байма-бай өткөрүлүп келүүдө. Жакында мындай иш чараларды жыйынтыктоочу өңүттө илимий конференция өткөрүлдү. Ага жазуучунун бир тууганы Роза Айтматова баштаган илимпоздор катышышты. Конференцияда Роза Айтматова, агасынын өмүр жолунан өтө мазмундуу, угуучулардын жашы-карысы дебей таасирлене
10.12.2018 609 Кесиптик бирлик региондордоНоокенде билим берүү кызматкерлеринин арасында залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган кароо – сынак өттү
2018-жылдын 1-декабрь күнү Масы айылындагы № 29 Мирзаходжаев атындагы орто мектебинде “Ноокен менен Чыңгызыма 90 жыл” аттуу билим берүү кызматкерлеринин арасында кароо-сынактын райондук түрү өткөрүлдү. Кароо-сынактын негизги максаты кыргыз элинин залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө кеңери маалымдоо, Ч.Айтматовдун чыгармалары аркылуу жаштарды жаратылышты сүйүүгө жана коргоого, патриоттуулука тарбиялоо болуп саналат.
07.12.2018 627 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелер СПИДке каршы күрөшүү иш чараларын өткөрдү
Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүүнү өткөрүүнүн алкагында Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептерде 2018-жылдын 1-ноябрынан 1-декабрына чейин бир айлык жарыяланды жана 1-декабрь күнү Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күнү өткөрүлдү. ВИЧ инфекциясын алдын алуу багытында иштеп жаткан өкмөттүк жана өкмөттүк эмес уюмдардын жардамы менен мектептерде аталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган ар кандай иш чаралар: спорттук мелдештер, конкурстар, диспуттар, сүрөт көргөзмөлөрү, “Биз СПИД оорусуна каршыбыз ” аттуу темадагы акциялар, жолугушуулар өткөрүлдү.
06.12.2018 814 Кесиптик бирлик региондордоОкутуу методдордун эффективдүү колдонууга багытталган сабак-семинар
Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айылындагы “Темирбаев” атындагы орто мектебинде 2018-жылдын 22-ноябрында башталгыч класстардын , мугалимдердин катышуусунда семинар болуп өттү. Семинарга 45 мугалим жана иш кана жетекчилери катышты. Семинардын максаты: Башталгыч класс окуучуларына ийгиликтүү таасир бере турган компетенттүү мамиле жана билим берүүдө креатив жагдайларды жаратуу.
05.12.2018 678 Кесиптик бирлик региондордоЧыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган иш чара
30-ноябрда Чаткал районунун борборундагы Ч.Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө райондук билим берүү бөлүмү жана райондогу билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган " Кырк миң жыл өтсө дагы унутулгус, кыргыздын кыраан уулу-улуу Чыңгыз " аттуу маданий-массалык иш чара болду. Бул тууралуу Чаткал райБББдан билдиришти. Маалыматка караганда, иш чаранын алкагында мектеп мугалимдери тарабынан улуу жазуучунун чыгармаларынан сахналаштырылган көрүнүштөр аткарылып, обондуу ырлар ырдалып, көркөм ырлар окулуп, мектеп окүучулары тарабынан тартылган видеороликтер көрсөтүлдү.
05.12.2018 764 Кесиптик бирлик региондордо