Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаарында “Манас күнү” белгиленди

2018-жылдын 4-декабрь күнү Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүү мекемелеринде “Манас күнү” белгиленди.

Билим берүү мекемелеринде Манас боюнча көргөзмөлөр уюштурулуп, ал көргөзмөлөргө мезгилдүү басылмаларга жарыяланган макалалар, китептер, окуучулардын тарткан сүрөттөрү коюлду.

Ошол эле күндөрү таланттуу окуучулардын катышуусунда Манас айтуу сынактары өткөрүлдү. Кыргыз тили мугалимдери тарабынан Манас эпосу боюнча доклад жасалып, окуучуларды патриоттуулук духта тарбиялоого басым жасалды.

Бул саамалык балдар бакчасында да өткөрүлдү. Бала бакчалардын тарбиялануучулары тарабынан Манас айтуу сынактары өткөрүлүп, бала бакчадан баштап балдарды эли-жерин сүйүүгө тарбиялоо иштери улантылды.

Даярдаган Марикехан Буванова