Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш адистерге – жөлөкпул

2018-жылдын 7-декабрь күнү  Өзгөн районундагы  Төрт-Көл айыл өкмөтү тарабынан  айыл өкмөттүн  аймагында жайгашкан мектептерге 2018-2019-окуу жылында окуу жайды жаӊы бүтүп келип педагогикалык эмгек жолун баштаган жаш адистерге жергиликтүү каражаттын эсебинен жөлөкпулдар тапшырылды.  

Жаш адистерге жөлөкпул тапшыруу салтанатына Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Эсенбаев, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Өзгън райондук комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов жана мектеп директорлору катышты. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Эсенбаев эмгек жолун жаӊы баштаган жаш адистердин ар бирине 5000 сом өлчөмүндө жөлөкпулдарды тапшырып,  педагогикалык ишине чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Салтанатка катышкан билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов өзүнүн жыйынтыктоо сөзүндө жаш адистердин педагогикалык ишине ийгиликтерди каалап, мугалимдерге көрсөткөн социалдык колдоолору үчүн Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн  башчысына жана айылдык Кеӊешке райондук комитеттин атынан ыраазычылыгын билдирди.

Мектеп директорлорунун атынан  Ж.Маматжанов атындагы орто мектебинин директору  Г.Ташиева жана жаш адистердин атынан А.Өмүрзаков атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Айткулова Гүлжамал  айыл өкмөтүнө жана райондук профсоюз комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

 

Материалды даярдаган Мырзамидиниов Ибраим