Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Айтматовдун мугалими-келечектин кеменгери» аттуу тегерек стол

2018 -жылыдын    4-декабрда   Сокулук  районунун  билим берүү мекемелеринин   жетекчилери,    кыргыз  тил  жана  адабият   мугалимдери   менен  биргелешип,  залкар   жазуучу,  замандын  философу,  ойчулу,  даанышманы   Чыӊгыз  Айтматовдун   90 жылдык  маарекесине  карата    арналган  "Айтматовдун  мугалими-келечектин  кеменгери"  аттуу  тегерек  стол   Шопок  шаарындагы  № 1 мектеп-гимназиясында  уюштурулду. 

Тегерек  столдун  максаты  залкар   жазуучу,  замандын  философу,  ойчулу,  даанышманы   Чыӊгыз  Айтматовду  эскеруу,  Чынгыз  Айтматовдун  чыгармалары  аркылуу  бүгүнкү жаш  муундардын дүйнөсүн  ачуу менен образдар  аркылуу чыныгы  атуул,  инсан,  мекенчил  болуп, элин  жерин  сыйлооого  тарбиялоо  жана  көркөм  адабиятты кызыгып окуусуна  түрткү  берүү.      

Тегерек  столдун  милдети Ч.Айтматовдун  чыгармалары  аркылуу мугалимдин  ордун  белгилөө менен  ата-эненин, окуучулардын,  коомчулуктун  алдында  беделин   көтөрүү  максатында  мугалимсиз  келечекти  элестетүүгө  мүмкүн  эмес  экендигин  далилдөө  болду.  

Талкууга  төмөндөгүдөй  суроолор  берилди:

  1. Ч.Айтматовдун  чыгармаларындагы мугалимдин  орду.
  2. Биз жашап жаткан  коомубузду  мугалимсиз  элестетүүгө  болобу?
  3. Жаш мугалимдердин  мектепке  келбей  калгандыгынын  себеби эмнеде?
  4. Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы мугалимдин  каармандарынан  тышкары кайсыл  каармандарды мугалим катары  көрө  алабыз?

Жыйындын  акырында тегерек  столдун   резолюциясы   кабыл  алынды.  Чыӊгыз  Айтматовду  90 жылдык  маарекесине  карата уюштурулган  иш- чаралардын    жыйынтыгы  чыгарылып,   жигердүү катышкан  билим  берүү мекемелеринин  жетекчилери,  мугалимдери жана  окуучулары  сыйлоо   баракчалары  менен  сыйланышты.  

 

 

 

Материалды даярдаган Алина Качкынбаева