Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде чыгармачыл топтор ортосунда спорттук мелдеш өттү

ОГПИде чыгармачыл топтор ортосунда спорттук мелдеш өттү

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда, окуу жайдын алдындагы “Жаратман” чыгармачылык борборунун 7 жылдык мааракелик-кечесине карата Ош шаарындагы жаш чыгармачыл топтор ортосунда спорттук мелдеш болуп өттү. Иш чара институттун жаштар комитети жана “Жаратман” ЧБу тарабынан спорт аркылуу достукту бекемдөө максатында уюштурулуп, ага “Достук” жана “Жигер” чыгармачылык жаштар борборунун, Жаш таланттар мектебинин, ОшМунун студенттик “Нур” гезитинин жана акыйкатчы апаратынын курама командалары катышышты.

 27.11.2018      697       Кесиптик бирлик региондордо

Жаӊы бала бакча

Жаӊы бала бакча

Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Бакыян айыл аймагында жаӊы бала бакча ачылды. Жаӊы бала бакчанын ачылуу аземине Талас облустук ыйгарым өкүлчүлүгүнүн губернатору Мураталиев Марат Молдонович, Кара-Буура райондук мамлекеттик администрация башчысы аким Сыдыкназаров Барат Жалалбекович, Бакай-Ата районунун акими Торокулов Чолпон Асылбекович катышышты. Бала бакчанын ачылышына Бакыян айлынын эр азаматтары да зор салымын кошушту.

 26.11.2018      1058       Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун 90 жылдыгына жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата конференция Ак-Булак орто мектебинде

Лейлек районунун 90 жылдыгына жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата конференция  Ак-Булак орто мектебинде

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө карашту “Ак-Булак” орто мектебинде 2018-жылдын 19-ноябрь күнү райондун 90 жылдыгына жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата конференция өткөрүлдү. Конференцияда Лейлек районунун, Ак-Булак айылынын келип чыгышы тууралуу сөз болуп, райондун, айылдын атактуу инсандары, алардын эл жерине кылган эмгектери, Улуу Ата-Мекендин согушунун ардагерлери жөнүндө маалымат алмашуу болду жана сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле, Кыргыз элинин, жергиликтүү тургундардын каада салттарын, үрп-адаттарын чагылыштырган сценкалар коюлду.

 26.11.2018      673       Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун бала бакчаларында күз майрамы

Лейлек районунун бала бакчаларында күз майрамы

2018-жылдын ноябрь айында Лейлек районунун билим берүү мекемелеринде күз майрамына карата ар кандай темадагы иш чаралар өтүүдө. Алсак, Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу “Алтын-Балалык” балдар бакчасында “Төгөрөгү төп келген төрт кыз” атуу тайпалар арасында кыздардын таймашы болуп, “Талимтай ” программасына тарбиялануучулардын ата-энелери да катыша алышты. Ошондой эле, Лейлек айыл аймагына караштуу “Эл нуру” балдар бакчасында “Күз ханышасы” аттуу конкурс ата-энелер менен биргеликте жогорку деңгээлде өттүү.

 26.11.2018      794       Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз

Профсоюз кызматкерлерине  ыраазычылык билдиребиз

Ысык-Көл облусу боюнча профсоюз кыймылынын уюштуруучусу Өмүрбек Молдокматовко курска келген мугалимдерге КР Ченемдик укуктук актылары менен билим берүү тармагындагы Борбордук, райондук, шаардык жана баштапкы профсоюз уюмдарынын ишмердиктери боюнча ар бир предметтин мугалимдерине атайын 4 саат убакыт бөлүнүп берилет. Ысык-Көл областтык билим берүү институту окуу жыл ичинде 900дөн ашуун ар бир предмет боюнча мугалимдер, тарбиячылар, директорлор, директордун орун басарлары, билимин жогорулатуу курстарын өтүшөт.

 23.11.2018      730       Кесиптик бирлик региондордо

Кыргызстан Жаштарынын Республикалык Конгресси өлкө башчы С. Жээнбековдун катышуусунда өттү

Кыргызстан Жаштарынын Республикалык Конгресси өлкө башчы  С. Жээнбековдун катышуусунда өттү

2018-жылдын 12-13-ноябрь күндөрү Бишкекте Кыргызстан Жаштарынын Республикалык Конгресси болуп өттү. Аталган конгресс, жаштарды мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу жана калыптандырууга тартуу максатында эки жылда бир өткөрүлөт. Жаштардын республикалык конгресси Кыргызстан жаштар уюмдарынын жана жаштардын укуктуу өкүлдөрүнүн конгресси эсептелет. Конгресске Ноокен районунун жаштарынын атынан жана Ноокен райКБКнын алдында түзүлгөн жаштар кеңешинин төрагасы жана Обкомдун алдында түзүлгөн жаштар кеңешинин төрагасынын орун басары катары барып катышып келди.

 23.11.2018      873       Кесиптик бирлик региондордо

АЙТМАТОВГО 90 ЖЫЛ

АЙТМАТОВГО 90 ЖЫЛ

Cүлүктү шаарындагы И.Бектемиров атындагы №8 орто мектебинин адеп мугалими Кудайбердиева Гулзат мектеп окуучулары менен биргеликте "Эне тил жана Айтматов" аттуу үч айлыктын алкагында уюштурган. "Биз Айтматовдун чыгармаларынын таасири менен келечекке умтулабыз!" - деген темада адабий-музыкалык кече өттү. Кеченин максаты: 1.Эне тилди даңазалоо, кыргыз тилине кызмат кылууга, тилдин тазалыгын сактоого тарбиялоо;

 23.11.2018      854       Кесиптик бирлик региондордо

Студенттик "АКЫЛ ОРДО"

Студенттик

21-ноябрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда факультеттер ортосунда студенттердин “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну болуп өттү. Иш чара окуу жайда өтүп жаткан Айтматовдун 90 жылдыгына карата үч айлык иш пландын алкагында окуу жайдын жаштар комитети жана Кыргыз-Россия факультети тарабынан уюштурулду. Мында факультеттерден түзүлүп чыккан командалар жалаң Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармалары боюнча суроолор камтылган мелдеште өздөрүнүн билимин сынашты.

 23.11.2018      837       Кесиптик бирлик региондордо

"Окуучу коомдун манилуу аманаты"

19-ноябрда Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов атындагы инновациялык жалпы орто билим берүүчү мектебинде "Окуучу коомдун манилуу аманаты" деген темада дебат өткөрүлдү. Бул тууралуу Чаткал райБББдан билдиришти. Маалым болгондой, дебатка Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн соцкызматкери Жайнагүл Осмонова, РИИБ башчысынын орунбасары Атаканов Замирбек жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча кызматкери Жапарбек уулу Аскатбек, райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун төрагасы Ызан Кудайбердиев жана райБББнын кызматкерлери, ата-энелер жана мектеп окуучулары катышты.

 23.11.2018      643       Кесиптик бирлик региондордо

Мектепке белек

Мектепке белек

2018-жылдын 7-ноябрь күнү Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылындагы Жанаалы уулу Абдыракман атындагы орто мектебинде чоӊ салтанат болуп өттү. Себеби ушул мектепти мындан 20-жыл мурун 1998-жылы 10-классты аяктаган окуучулардын демилгеси менен 1млн.800мин сомдук кичи футбол аянтчасы курулуп бүткөрүлүп, Жанаалы уулу Абдыракман атындагы орто мектебине белек катары берилди. Футбол аянтчасынын курулушун толук 20-жылдык бүтүрүүчүлөрү колдоруна алышты

 23.11.2018      658       Кесиптик бирлик региондордо

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата

Балдар жана өспүрүмдөр арасында “Карек” аттуу кино фестивалы 3-республикалык деңгээлинде болуп өтүп, анда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Токтогул райондук билим берүү болүмүнө караштуу №1-Токтогул атындагы орто мектебинин окуучулары дагы арта калышпай алдыга болгон умтулуусу жана жашоого болгон корогочтугу менен “Кичинекей чоң кыз” аттуу тасма тартышып:

 21.11.2018      623       Кесиптик бирлик региондордо