Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун 90 жылдыгына жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата конференция Ак-Булак орто мектебинде

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө карашту “Ак-Булак” орто мектебинде 2018-жылдын 19-ноябрь күнү райондун 90 жылдыгына жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата конференция өткөрүлдү. Конференцияда Лейлек районунун, Ак-Булак айылынын келип чыгышы тууралуу сөз болуп, райондун, айылдын  атактуу инсандары, алардын эл жерине кылган эмгектери, Улуу Ата-Мекендин согушунун ардагерлери жөнүндө маалымат алмашуу болду жана сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле, Кыргыз элинин, жергиликтүү тургундардын каада салттарын, үрп-адаттарын чагылыштырган сценкалар коюлду.

Ч.Айтматовдун басып өткөн өмүр жолу, кыргыз элине кылган ат көтөргүс эмгеги, чыгарма жаратуудагы өзгөчөлүгү, кыргыз элин дүйнө жүзүнө тааныткандыгы тууралуу мектеп окуучуларына маалматтар берилип, улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларын камтыган буклеттер даярдалды.

Конференциянын максаты Ч.Айтматовдун чыгармачылык дүйнөсү менен жакындан кеңири таанышуу, мектеп окуучуларын эл жерин сүйүүгө, коргоого, аяр мамиле кылууга үндөө, жергиликтүү каада салт, үрп адаттарды эсинен чыгарбай улуулардын учугун улоо жана айылдын чыгаан уул, кыздарын, кадырман карыяларын сыйлап, алардан үлгү алуу.

Мындай иш чаралардын өткөрүүдө баштапкы профсоюз умдарынын, мектептин жетекчилеринин, мугалимдердин  эмгеги зор.

 

 

Даярдаган Марина Сагалиева