Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде чыгармачыл топтор ортосунда спорттук мелдеш өттү

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда, окуу жайдын алдындагы “Жаратман” чыгармачылык борборунун 7 жылдык мааракелик-кечесине карата Ош шаарындагы жаш чыгармачыл топтор ортосунда спорттук мелдеш болуп өттү.

Иш чара институттун жаштар комитети жана “Жаратман” ЧБу тарабынан спорт аркылуу достукту бекемдөө максатында уюштурулуп, ага “Достук” жана “Жигер” чыгармачылык жаштар борборунун, Жаш таланттар мектебинин, ОшМунун студенттик “Нур” гезитинин жана акыйкатчы апаратынын курама командалары катышышты.

Аталган мелдештин ачылуу аземин салтанаттуу түрдө ОГПИнин окуу иштери боюнча проректору Т.К.Раимбеков ачып, жалпы келген  конокторго, катышуучуларга институтун атынан ыраазычылык билдирүү менен командаларга ийгилик каалап өттү.

Мелдеш спорттук волейбол жана фудбол түрлөрү боюнча болуп, бардык командалардын активдүү катышуусу менен оюн жогорку деңгээлде өттү. Жыйынтыгында фудбол боюнча:

III орунду Кыргыз-Өзбек университетинин “Достук” ЧЖБу;

II орунду ОшМунун “Нур” гезити;

I орунду “Жаш таланттар мектеби” ээледи.

 

Ошондой эле волейбол боюнча кыздар ортосунда:

III орунду “Жаш таланттар мектеби”;

II орунду “Жигер” ЧЖБу;

I орунду “Достук” ЧЖБнун командасы багынтты.

 

Ал эми волейбол боюнча балдар ортосунда:

III орунда “Жаш таланттар мектеби”;

II орунду “Жигер” ЧЖБ-1;

I орунду “Жигер” ЧЖБ-2 командалары ээлешип, уюштуруу тобунун диплом жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Мындан тышкары оюндун жүрүшүндө мыкты оюн көрсөткөн команда мүчөлөлү белгиленип, аларга атайын сыйлыктар ыйгарылды.

Эскерте кетсек “Жаратман” чыгармачылык борбору 2011-жылы ОГПИнин алдында активдүү, чыгармачыл студенттерден түзүлгөн.

Материалды даярдаган Кубаныч Жылкычы уулу