Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыргызстан Жаштарынын Республикалык Конгресси өлкө башчы С. Жээнбековдун катышуусунда өттү

2018-жылдын 12-13-ноябрь күндөрү Бишкекте Кыргызстан Жаштарынын Республикалык Конгресси болуп өттү. Аталган конгресс, жаштарды мамлекеттик  жаштар саясатын ишке ашыруу жана калыптандырууга тартуу максатында эки жылда бир өткөрүлөт. Жаштардын республикалык конгресси Кыргызстан жаштар уюмдарынын жана жаштардын укуктуу өкүлдөрүнүн конгресси эсептелет.    

Конгресске Ноокен районунун жаштарынын атынан жана Ноокен райКБКнын алдында түзүлгөн жаштар кеңешинин төрагасы жана Обкомдун алдында түзүлгөн жаштар кеңешинин төрагасынын орун басары катары барып катышып келди.

Конгресстин милдеттери: мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жана мамлекеттик жаштар саясаты боюнча башка уюмдарына кайрылуу кабыл алуу, сунуштамаларды иштеп чыгуу жана талкуулоо.

Конгресстин биринчи бөлүгү 12-ноябрь күнү Ала-Арча резиденциясында өтүп, анда президент С. Жээнбеков катышты. Бул иш-чарада өлкө аймагынан келген жаштар сунуштары, долбоорлору талкууланып, көйгөйлөр менен бөлүштү. С. Жээнбеков өз сөзүндө жаштардын демилгелери сөз жүзүндө эмес, иш түрүндө колдоого алыныш керек экендигин белгиледи жана өлкө өнүгүүсүнө багытталган идеяларды жеке өзү колдоп берээрине убада берди. Ошондой эле “Жаштар — өлкөнү жаңылоонун, өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы. Жаштарга таянган, аларга ишенип, прогрессивдүү күч катары баалаган өлкө гана бакубат келечек кура алат” -деп баса белгиледи.

Андан соң Жогорку Кеңештин депутаттары, КР Өкмөт мүчөлөрү жана БШК төрайымы  Н.К.Шайлдабекова менен жолугушуу суроо-жооп форматында өттү.

Экинчи бөлүгү 13-ноябрь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Жаштар борборунун ачылышы менен башталды. Анда мамлекеттик агенттиктин директору К.Аманкулов, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары  А.Никулита, эл аралык кызматташтык боюнча германиялык коомдун “Жаштар үчүн келечек” долбоорунун жетекчиси К.Оерманн, БУУнун баңгизаты жана кылмыштуулук башкармалыгынын өкүлү М.Сулаймановалар катышышты.

Конгресстин делегаттары эксперттердин катышуусунда 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасындагы жаштарды өнүктүрүүнүн концепциясы жана Кыргыз Республкасынын Жаштар жөнүндөгү Мыйзамына  өзгөртүүлөр жана толуктоолор сунушталды. Конгрессте кабыл алынган сунуштамалар тийиштүү протоколдор менен  бекитилет жана мыйзам тартибинде каралуусу үчүн КР Өкмөтүнө жиберилет.

 

Материалды даярдаган:

 Ноокен рай КБКнын инспектору

Т. Бакиров