Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун бала бакчаларында күз майрамы

2018-жылдын ноябрь айында Лейлек районунун билим берүү мекемелеринде күз майрамына карата ар кандай темадагы иш чаралар өтүүдө. Алсак, Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу “Алтын-Балалык” балдар бакчасында “Төгөрөгү төп келген төрт кыз” атуу тайпалар арасында кыздардын таймашы болуп, “Талимтай ” программасына тарбиялануучулардын ата-энелери да катыша алышты. Ошондой эле,  Лейлек айыл аймагына караштуу “Эл нуру” балдар бакчасында “Күз ханышасы” аттуу конкурс ата-энелер менен биргеликте жогорку деңгээлде өттүү.

Иш чаралар өтө кызыктуу жана пайдалуу өтүп, бакчалардын  тарбиялануучуларын ата-энелери менен биргеликте өз кол өнөрчүлүктөрүн жана чыгармачылыгын көрсөтө алышты. Жыйынтыгында жеңүүчү кыздар аныкталып, чакан белектер берилди. 

Мындай иш чаралар балдар менен ата-энелердин ортосундагы байланышты күчөтүп, балдардын кызыгуусун арттырат да, мектепке барууга болгон даярдыкты бекемдейт.   

Материалды даярдаган Марина Сагалиева